Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVIII- сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 180
Айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн структурасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн структурасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө маселе “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссияда карап, алар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтому менен бекитилген жана 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомунун редакциясына ылайык карап, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жыл үчүн структурасы жана штаттык саны бекитилсин.
2. Дөң-Булак айыл аймагындагы маданият жана китепкана кызматкерлеринин 2021-жыл үчүн структурасы жана штаттын саны бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомунун негизинде жергиликтүү бийлик жана башкаруу органдарынын муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө мамлекеттик кызматкерлерге, мамлекеттик кызматта иштеген эмгек стажына жараша кошумча эмгек акы төлөө боюнча кадамдары аныкталып, райондук каржылоо бөлүмүнө бир нускасы тиркемеси менен тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П. А.Эсеналиев |