Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVIII- сессиясы
2020-жылдын 183-декабры № 182
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-2 айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Панфилов башталгыч мектептин ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-2 айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Панфилов башталгыч мектептин ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүү жана мектеп имараты жараксыз абалга жетип калгандыктан, айыл тургундарын муктаждыгын канааттандыруу максатында бүгүнкү кырдаалга байланыштуу элди тейлөө үчүн ФАП куруу боюнча Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы №145 токтомунун 3 главасынын негизинде Панфилов мектебин пайдалануу багытын өзгөртүп ФАП имаратын куруу үчүн Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-2 айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Панфилов башталгыч мектептин ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүү жана мектеп имараты жараксыз абалга жетип калгандыктан, айыл тургундарын муктаждыгын канааттандыруу максатында бүгүнкү кырдаалга байланыштуу элди тейлөө үчүн ФАП тын имаратын курууга жана пайдалануу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жер аянтын Гос Актысын негизинде тактап, керетүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |