Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVIII- сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 183
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы Чайкананын айыл тургундарынын 2016-жылдын 17-мартындагы №2 протоколун негизинде айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы Чайкананын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомун жетекчилике алып Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылындагы Чайкананын 500м.кв жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алынсын.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, муниципалдык менчигине каттоого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П. А.Эсеналиев |