Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXII сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 306
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн
2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102- 117-беренелерине жана финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып,алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылыдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2021-жылга Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 36885,9 миё сомго бекитилгени эске алынсын.
2.Айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүч\ жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2021-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а).жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн: салык агентиги тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
б).ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патентөө негизиндеги салык,бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз өлчөмүндө;
в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын,мунай зат,газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергилитүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө.
г).жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюжетине 7 пайыз өлчөмүндө;
д).жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20 пайыз өлчөмүндө.
4. Жайыт комитетинин бюджети 200,0 (эки ж\з миё) сом ълчъм\ндъ бекитилери белгиленсин.
5. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
6. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2020-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2021-2023-жылдарга теңдөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 261,0 миё сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл өкмөтүнө 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы,социалдык фондго чегерүү,тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга
чегерүүлөр), комуналдык кызматтар (электр энергия,көмүр,суу) жумшалсын.
9. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2021-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
10. Мырза-Аке айыл аймагында табийгат кырсыктарын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
11. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б.) үчүн акча каражаты каралсын.
12. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
13. Айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдик негизде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
14. Айыл ъкмътт\н социалдык коргоо бъл\м\нъ жыл ичинде кошумча аткарылган кирешелердин жана \нъмдългън акча каражаттардын эсебинен, 1-, 2-, топтогу майып, оорулуу айыл тургундарына дары дармегине жардам кърсът\\гъ 60,0 миё сом, жашоо шарты оор \й-б\лълъргъ социалдык жардам кърсът\\ \ч\н 50,0 миё сомго къбъйт\лс\н.
15. Айыл ъкмътт\н Кълд\к къчъс\ толугу менен, Карл Маркс, А. Къккъзов къчъс\ толугу менен, К. Сакыев къчъс\ толугу менен, Ленин, Ниязалы 1-бурум къчълър\ асфальттоого сметалык долбоору даярдалып жыл ичинде асфальт тъшъл\ш\ жана аткарууда т\з\лгън келишимдин суммасына ылайык жыл ичинде \нъмдългън, кошумча аткарылган кирешелердин эсебинен жана кийинки жылга калган калдык акча каражатынан тълън\п берилсин.
16. Айыл өкмөтт\н экономика жана статистика боюнча кызматкеринин эмгек акысы Ъзгън райондук статистика башкармалыгы менен келишимдин негизинде тълън\\с\ белгиленсин.
17. Мырза-Аке айыл ъкмът\н\н бала бакча бъл\м\ндъ атайын каражат (ата энелер тълъм\) 8834,4 миё сом, 2021-жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу бала бакчалардын иштъъ шарттарына жана ата-энелер тълъм\н\н суммасына ылайык КР нын Каржы Министрлигинин Ъзгън райондук башкармалыгынан жогорудагы сумма акча каражатына жыл ичинде ъзгърт\\ киргиз\\ жагы суралсын.
18. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
19. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “финасы,экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасынын орун басары |
Ж. Эргешов |