Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын-III сессиясы
2021-жылдын 13-августу № 9
“Ак-Жар айыл өкмөтүндө тазалык муниципалдык ишканасын уюштуруу жана аталышы жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши айылдардын санитардык-тазалык иштерин жөнгө салуу максатында муниципалдык ишкананы уюштуруу жана аталышын тактоо максатында
Токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн алдында жаңы тазалык муниципалдык ишканасын уюштуруу жана аталышы жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутуттары тарабынан жактырылып, аталышы “Ак-Жар таза аймак” муниципалдык ишканасы деген аталышка макулдук берилсин.
2. “Ак-Жар таза аймак” муниципалдык ишканасынын карамагына эл жашаган пункттардан мыйзамдуу аралыгы сакталган жер аянты 2 га жер аянты Катыранкы участкасынан жана 1 га жер аянты Большевик айылынын Семиз-Көлгө кеткен жолдун сол тарабынан, совхоз мезгилиндеги морчонун үстүнөн, айыл чарбасына ыңгайсыз жерден, жалпысы 3 га жер аянты бөлүнүп берилсин .
3. Муниципалдык мекеме түзүү, уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго тапшырылсын
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго милдеттендирилсин
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Турдали у. К. |