Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын-XXIII сессиясы
2019-жылдын 20-декабры № 94
“Айыл өкмөтүнүн бюджетине сыйлык катары түшкөн акча каражатын пайдалануу жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгу анын ичинде салык пландарынын түрлөрүнө карата жакшы көрсөткүчтөрүн эске алган жетишкендиктерин талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгу анын ичинде салык пландарынын түрлөрүнө карата жакшы көрсөткүчтөрүн эске алып, сыйлык катары бюджетке түшкөн 200,0миң сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн зданиясынын тегерегин тосмолоо үчүн бөлүнүп берилсин. Жыл аягы бөлүп тендер жарыялоо мөөнөтүнө үлгүрбөгөндүктөн жумушту түз келишим жолу менен аткаруу жагы каралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджеттик жана финансы маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б.Тургунбаев |