Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2002-жылдын 16-январы N 30
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунан
эс алуу базаларын жана туристтик
комплексттерди куруу үчүн
жер берүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2003-жылдын 17-февралындагы N 72 токтомунун,
2007-жылдын 21-сентябрындагы N 428, 2007-жылдын 21-ноябрындагы № 557, 2011-жылдын 20-октябрындагы № 655 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган төмөнкүлөргө жер берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын:
- "Юрист" компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чолпон-Ата шаарынын пайдаланылбаган 8,0 га башка жерлеринен, анын ичинде туристтик комплексти долбоорлоо жана куруу үчүн 4,0 га жерди 25 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга жана 4,0 га жерди мөөнөтүн узартуу укугу менен 5 жылдык мөөнөткө кармап туруу жана көрктөндүрүү үчүн;
- "ДАГАС сити" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чолпон-Ата шаарынан пайдаланылбаган 8,0 га башка жерлеринен, анын ичинде туристтик комплексти долбоорлоо жана куруу үчүн 4,0 га жерди 25 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга жана 4,0 га жерди мөөнөтүн узартуу укугу менен 5 жылдык мөөнөткө кармап туруу жана көрктөндүрүү үчүн;
- "Бакыт" жоопкерчилиги чектелген коомуна Чолпон-Ата шаарынын пайдаланылбаган 8,0 га башка жерлеринен эс алуу базаларын долбоорлоо жана куруу үчүн 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга;
- "Меркутур" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кара-Ой айыл өкмөтүнөн пайдаланылбаган 10,0 га башка жерлеринен, анын ичинде 5,0 га жерди эс алуу базасын долбоорлоо жана куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга жана 4,0 га жерди мөөнөтүн узартуу укугу менен 5 жылдык мөөнөткө кармап туруу жана көрктөндүрүү үчүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-февралындагы N 72 токтомунун, 2007-жылдын 21-сентябрындагы N 428, 2007-жылдын 21-ноябрындагы № 557, 2011-жылдын 20-октябрындагы № 655 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу докуметтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Биринчи вице-премьер-министр Н.Танаев