Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы N 6 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы N 502, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Киришүү
Бул Жобо "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
Дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча бул Жобонун максаты айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн, ошондой эле аларды сатуу үчүн пайдаланылуучу жогорку сапаттуу үрөндөрдү өстүрүүнү камсыз кылуу болуп эсептелет.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобонун иш аракети Кыргыз Республикасында сертификатталана турган үрөндөргө таралат.
1.2. Бул Жобо:
- илим изилдөө же эксперименттик максаттарда пайдаланууга дайындалган үрөндүргө;
- жаңы сортторду селекциялоо максатында пайдаланууга дайындалган же пайдаланып жаткан үрөндөргө;
- сертификаттоого жатпаган үрөндөргө карата колдонулбайт.
1.3. Үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого, башка нормативдик-укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.5. Ушул Жободо колдонулган терминдер жана түшүнүктөр 2-тиркемеде берилген.
1.6. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен учурдан тартып күчүнө кирет жана бардык мурдагы нормативдик документтерди, дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн сапатын күбөлөндүрүүнүн жөнгө салуучу тартибин жана аларга толуктоолорду жокко чыгарат.
2. Сертификаттоого тийиш болгон сорттор
2.1. Мамлекеттик тармакта эки жылдык сыноодон өтүшкөн, түшүмдүүлүгү жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча конкреттүү кыртыштык-климаттык шарттарда айырмаланышкан сорттор Кыргыз Республикасынын райондоштурулган сортторунун Мамлекеттик реестрине киргизилет да, кийин Кыргыз Республикасынын тийиштүү региондоруна сунуш кылынат.
2.2. Милдеттүү сертификаттоого тийиш болгон дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн тизмеси ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Сертификатталган үрөндөрдү өндүрүүдө коюлуучу минималдуу талаптар
3.1. Гибриддерди кошпогондо бардык сортторду өндүрүүгө коюлуучу минималдуу талаптар
а) сертификатталган үрөндөрдү өндүрүүгө коюлуучу минималдуу талаптарга булар кирет:
- айдоо жерин талаада текшерүү;
- сертификатталган үрөндөрдүн партиясынан тандалып алынган пробалар (үлгүлөр) менен себилген үрөндүн контролдук участкасын текшерүү;
- үрөн себүүгө тиешеси бар бардык башка маалыматтарды изилдөө;
б) сорттук окшоштукту жана сорттук тазалыкты аныктоочу белгилер "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы белгилеген тартипте аны каттоодогу сорттун белгиси катарында кабыл алынган белгилери болууга тийиш.
3.1.1. Мурдагы себүүлөр
а) бир эле түрдөгү дан өсүмдүктөрүн себүүнүн ортосундагы минималдуу аралыгы кеминде 2 (эки) жылды түзүүгө тийиш;
б) бир эле сортту жана үрөндөрдүн муундарынын ырааттуу себүүлөрү стандарт белгилеген сорттук тазалык камсыз кылынган шартта убактылуу аралыкты сактабастан бир эле талаада өстүрүлүшү мүмкүн;
в) жүгөрү айдоолору бир эле талаада биринин артынан бири келген жылдарда жайгаштырылбашы керек.
3.1.2. Мейкиндик изоляция
а) өзү чаңдоочу өсүмдүктөрдүн айдоолору дан өсүмдүктөрүнүн башка айдоолорунан белгиленген тосмолор менен изоляцияланышы керек же алардын ортосундагы аралык түшүм жыйноо учурунда аралашып кетпегендей болууга тийиш;
б) кайчы чаңдоочу өсүмдүктөрдүн үрөндүк айдоолору, негизинен кайчы чаңдоочу тритикаленин сорттору (х Triticosecale Wittm) кара буудадын жана тритикаленин башка айдоолорунан төмөндөгүдөй тартипте изоляцияланышы керек:
- суперэлита жана элита үрөндөрдү өстүрүүчү үчүн айдоолор - 300 м;
- сертификатталган үрөндөрдү өстүрүүчү үчүн айдоолор - 250 м;
в) тритикаленин өзү чаңдоочу сортторунун айдоолору үчүн башка өсүмдүктөрдүн айдоолорунан же төмөнкү категориядагы тритикаленин башка сортторунан ажыратуучу минималдуу аралык төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- суперэлита жана элита үрөндөрүн өстүрүүчү үчүн - 50 м;
- сертификатталган үрөндөрдү өстүрүүчү үчүн - 20м;
г) жүгөрүнүн сорттору үчүн:
- элита үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор бөтөн чаңчанып булактарынан кеминде 200 м аралыкта изоляцияланышы керек;
- сертификатталган үрөндөрдү өстүрүүчү айдоолор бөтөн чаңчалардын булактарынан кеминде 200 м аралыкта изоляцияланышы керек.
ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жагымсыз чаңдашуудан коргоонун башка ишенимдүү ыкмасы болсо, бул аралыктар өзгөртүлүп турушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3.1.3. Отоо чөптөр
Отоо чөптөр өтө басып кеткен айдоолорду бракка чыгаруу керек. Отоо чөптөрдүн чектүү санын аныктаган стандарттар ушул Жобонун 11-бөлүмдө көрсөтүлгөн.
3.1.4. Талаалык апробация
а) айдоолордун өнүгүү фазасы жана абалы сорттук типтүүлүктү жана сорттук тазалыкты текшерүүнү өткөрүүгө мүмкүндүк берген вегетациялык мезгилдерде расмий текшерилип турууга тийиш;
б) апробаторлор "Үрөндүк айдоолордун талаалык апробациясы" деген атайын курстан өтүүлөрү керек. Талааалык апробацияны өткөрүүдө алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартышат;
в) топ гүл пайда болгон мезгилде эн кеминде бир жолу үрөндүк айдоолордун талаалык апробациясы өткөрүлөт. Жүгөрүнүн айдоолорунда сорттук тазалыкты аныктоо кеминде бир жолу текшерилет;
г) сертификаттого берилген партиялардан үрөндөрдүн пробалары эгилген контролдук участкалар жакшылап изилдөө үчүн каалаган учурда ачык болууга тийиш. Контролдук участкаларды текшерүү апробацияга толуктоо катары каралат, ал сорттук тазалыкты аныктоо үчүн үрөндөрдүн бардык категорияларындагы үрөндүк айдоолордо өткөрүлөт;
д) талаалык апробациянын натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу орган ар бир талаага карата аны кабыл алуу же бракка чыгаруу маселесин чечет. Мүмкүнчүлүккө жараша тийиштүү контролдук участкаларды карап чыгуунун натыйжаларын иэилдөөнү өткөрүү керек;
е) башка сорттогу өсүмдүктөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн санын аныктоодо апробатор эл аралык жалпы кабыл алынган илимий методиканы жетекчиликке алууга тийиш;
ж) талаалык апробация үчүн жана контролдук участкаларда кабыл алынуучу стандарттар ушул Жобонун 11-бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Каалаган өсүмдүктөрдүн гибриддик сортторун өндүрүүдөгү кошумча минималдуу талаптар
а) сертификаттанган үрөндөрдү өндүрүүдө коюлуучу минималдуу талаптарга төмөнкүлөр кирет:
- айдоону талаада текшерүү;
- талаада себилген үрөндөрдүн партиясыпан тандалып алынган пробанын үрөнү себилген участкаларды текшерүү;
- себүүгө тиешеси бар бардык башка маалыматтарды окуп изилдөө;
б) сорттук окшоштукту жана сорттук тазалыкты аныктоочу белгилер Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттор менен гибриддердин Мамлекеттик реестринде аны каттоодогу сорттун белгиси катары кабыл алынган белгилер болуп эсептелет.
3.2.1. Мейкиндик изоляция
а) буудайдын, арпанын же сулунун гибриддик сортторунун сертификатталган I үрөндөрүн өстүрүү үчүн айдоолор бөтөн чаңдашуу булактарынан изоляцияланышы | керек. Үрөндүн энелик түрү аталык түрүнүн айдоолорун кошпогондо кеминде 25 метр аралыкта эгилүүгө тийиш;
б) кара буудайдын элита компоненттерин жана гибриддик сорттордун сертификатталган үрөндөрүн өндүрүүчү үрөндүк айдоолор бөтөн чаңчалардын булактарынан изоляцияланышы керек, анкени ал жагымсыз жат тектүү чаңдатылууга алып келиши мүмкүн. Мейкиндик изоляциянын минималдуу нормалары төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- аталык тазалыкты пайдалануу менен суперэлита жана элита үрөндөрүн өндүрүү үчүн 1000 м, бардык калгандар үчүн - 600 м;
- сертификаттанган үрөндөрдү өндүрүү үчүн - 500 м;
в) жүгөрүнүн гибриддери менен сортторунун аталык түрлөрүнүн жана сертификатталган үрөндөрдүн суперэлита жаиа элита үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор үчүн мейюшдик изоляция жат тектүү чаңдатылуунун бардык булактарынан кеминде 200 м болууга тийиш.
Бул аралыктарды үрөндүк жана себүүчү материалдын апробациясы боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдын чечими боюнча, эгерде кайчы чаңдатуу мүмкүндүгү гүлдөө мезгилиндеги айырмачылыкка байланыштуу жокко тете болсо, өзгөртүп турууга болот.
3.2.2. Талаалык апробация
Айдоолор расмий түрдө текшерүү сорттук типтүүлүктү жана сорттук тазалыкты текшерүүгө өсүмдүктүн өнүгүү фазасы жана абалы мүмкүн болгон учурда өткөрүлүшү керек:
а) айдоолордогу өсүмдүктөр сорттук жана түрдүк тазалыкты так аныктоого мүмкүндүк берген фазада болууга тийиш;
б) химиялык гибриддештирүүнүн агентин (ХГА) колдоонуу менен гибриддик сортторду кийин өндүрүү үчүн дайындалган ата-энелик сорттордун жана түрлөрдүн элита үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор үчүн апробацияны өзү чаңдоочу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүндүкүндөй өткөрүү керек;
в) генетикалык жана цитоплазмалык эркектик стерилдүүлүктү пайдалануу менен гибриддик сорттордун элита үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор үчүн эркектик стерилдүү жөнөкөй линия аралык гибриддин ата-энелик түрүн чаңдатуучу жана линияны жана эркектик калыбына келтирүүчү компонентти колдоочу эркектик стерилдүү линияны талаалык апробациядан өткөрүү керек;
г) гибриддик сорттун сертификаттанган үрөнүн өстүрүүчү айдоолор үчүн эки атаэнелик түрдө толук машак пайда болгондо кеминде бир жолу апробацияны өткөрүү керек, бул учурда гибриддик сортту өндүрүү боюнча бардык техникалык талаптардын аткарылышы текшерилет;
д) ХГАны колдонуу менен F1 гибриддик үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор үчүн үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырган орган энелик форманын же үрөндүн гибриддүүлүгүнүн аталык стерилдүүлүгүнүн деңгээлин аныктоо үчүн дан бышып жетишкен мезгилде экинчи талаалык апробацияны өткөрүүнү талап кыла алат. Экинчи талаалык апробация учурунда апробатор же стерилдүүлүктү, же гибриддүүлүктү процент менен эсептен чыгат;
е) жүгөрүнүн элита үрөнүнүн ата-энелак формаларыл өстүрүү үчүн кеминде эки талаалык изилдөө (текшерүү) өткөрүлөт. Биринчи текшерүү гүлдөө баштала электе, экинчиси-гүлдөө учурунда өткөрүлөт;
ж) жүгөрүнүн гибридинин элита үрөнүн өстүрүү үчүн кеминде үч талаалык апробация өткөрүүгө тийиш. Биринчи апробация гүлдөө баштала электе мейкиндик изоляциянын нормаларын жана сорттук тазалоону сактоону текшерүү үчүн өткөрүлөт. Экинчи жана үчүнчү апробация гүлдөөнүн башталышында жана анын аягында сорттук тазалыкты жана эркектик стерилдүүлүктү текшерүү үчүн өткөрүлөт;
з) жүгөрүнүн сертификатталган гибридин өндүрүү үчүн (F1) 3 текшерүү өткөрүлөт:
биринчиси-энелик формада жиптер 5%ке чейин чачылган мезгилде;
экинчиси-энелик формада жиптер 50%ке чейин чачылган мезгилде;
үчүнчүсү-энелик формада жиптер массалык түрдө чачыла баштаган мезгилде;
и) сертификаттоого коюлган үрөндөрдүн пробалары эгилген контролдук участкалар үрөндүк айдоолорду талаалык апробациялоо учурунда толук текшерүү үчүн дайыма ачык болууга тийиш. Контролдук участкаларды текшерүү талаалык апробация учурунда сорттук тазалыкты кошумча аныктоо максатында каралган;
к) талааалык апробациянын натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу орган ар бир талааны кабыл алуу же бракка чыгаруу маселесин чечүүгө тийиш. Дайыма, канчалык мүмкүндүк болсо, пробалардын айдоолорундагы тийиштүү предконтролдук участкаларды текшерүүдөн алынган натыйжаларды изилдөөнү өткөрүү зарыл;
л) башка сорттогу өсүмдүктүрдүн жана башка түрдөгү өсүмдүктөрдүн санын аныктоодо апробатор ОЕСД сунуш кылган эл аралык жалпы кабыл алынган илимий методиканы жетекчиликке алууга тийиш;
м) талаалык апробация жана контролдук участкалар үчүн колдонула турган стандарттар 11-бөлүмдө көрсөтүлгөн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2.3. Сорттук тазалык
Талаалардагы айдоолордун жана контролдук участкалардагы сорттук тазалыгы боюнча минималдуу талаптар N 11 бөлүмдө аныкталган.
Кошумча:
Өзүн өзү чаңдаштырган линиялар менен сорттордун элита үрөндөрүнүн айдоолору-качан энелик өсүмдүктөрдүн 5%тен ашуусунун энелик мамычалары уруктандырууга даяр болгон фазасында текшерилген жүгөрүнүн ата-энелик формалары мындай учурда бракка чыгарылышы керек:
- эгерде, кандай гана текшерүүлөр өткөрүлбөсүн, чаңчаны таштап койгон же аны таштап жаткан энелик өсүмдүктөрдүн саны 2%тен ашса, же
- эгерде, ар кайсы мөөнөттөрдө өткөрүлгөн үч апробациядан кийии чаңчаны таштап койгон же аны таштап жаткандарынын жалпы саны 2%тен ашса.
4. Сертификатталган үрөндөрдү өндүрүүгө көзөмөл
4.1. Сертификатталуучу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү сорттук типтүүлүккө жана тазалыгына коюлуучу талаптарга жооп берүүлөрү керек. Ыйгарым укуктуу орган үрөндүк айдоолоргө өсүмдүктөрдүн өнүгүшүнүн белгилүү стадияларында алардын ылайык келүүлөрүн аныктоо максатында көзөмөлдөөнү өткөрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Ыйгарым укуктуу орган 13-бөлүмүндө аныкталган схема боюнча үрөндүк айдоолордун, ошондой эле сорттук үрөндөрдүн партияларынын учетун алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. Расмий пробалар сертификаттодон өтүү үчүн текшерүүгө коюлган үрөндөрдүн топтолгон ар бир партияларынан тандалып алынат. Үрөндөрдү таңгактоо (упаковкалоо) ушул Жобонун 8- жана 9-бөлүмүндө белгиленген талаптарга ылайык пломбаланууга жана маркировкаланууга тийиш. Анализдөө үчүн тандалын алынган үрөндөрдүн пробаларынын салмагы 12-бөлүмдө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүсү керек.
4.4. Ар бир пробанын бир бөлүгү пробаларды алгандан кийинки айыл чарба сезонундагы контролдук участкалардын постуна пайдаланылат. Ар бир пробанан экинчи бөлүгү үрөндөрдүн тазалыгын жана өнүмдүүлүгүн анализдөөнү өткөрүүгө дайындалган лабораторияга берилет. Ар бир пробанын үчүнчү бөлүгү башка партиялардагы үрөндөр менен салыштыруу максатында сактоого калтырылат.
4.5. Ыйгарым укуктуу орган сорттук тазалыкка тийиштүү каалаган башка текшерүүлөрдү өткөрүүгө, үрөндөрдүн ар бир партиялары боюнча сертификаттоо максатында зарыл болгон бардык маалыматтарды берүүсүн талап кылууга ыйгарым укуктары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
4.6. Ыйгарым укуктуу орган ушул жобого ылайык оң корутунду алышкан үрөндөрдүн ар бир партиясына ылайык келүү сертификатын берет. Ылайык келүү сертификатын берүү процедурасы ушул Жобонун 11-бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
4.7. Бир сорттогу бир эле репродукциядагы үрөндөрдүн эки же андан ашык партиялары ушул Жобо белгилеген талаптарга ылайык бир тектүү партияга бириктирилиши мүмкүн. Бириктирилген (аралаш) партияга жаңы шарттуу номер берилет, ал эми үрөн салынган таңгактарга ушул Жобонун 9-бөлүмүндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык белги берилүүгө тийиш. Ыйгарым укуктуу орган бириктирилген партия түзүлгөн үрөндөрдүн партияларынын шарттуу номерлерин жана бириктирилген партиянын ар биринин катнашын учетко алат жана каттайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
4.8. Партияларды бириктирүү жаңыдан түзүлгөн партия өзүнүн бир тектүүлүгүн сактап калгандай түрдө өткөрүлөт.
4.9. Ал эми контролдук участок пред-контролдук болуп эсептелгенде бул партиядан алынган үрөн, эгерде участкадагы үрөндү текшерүүнүн натыйжасы сорттун аныктыгын жана сорттук тазалыгы сактангандыгын көрсөтсө, сертификатталбайт.
5. Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү үрөндөрдүн категориялары
5.1. Кыргыз Республикасында сертификаттала турган үрөндөрдүн категорияларын (муундарынын) билдирүүчү терминдердин аныктамалары 2-тиркемеде көрсөтүлгөн. Үрөндөрдүн ар түрдүү категориялары үчүн пайдалануучу тийиштүү стандарттар 11-бөлүмдө аныкталган.
5.2. Кыргыз Республикасында үрөндөрдүн сертификатталуучу категорияларынын (муундарынын) азыр аракеттеги системасына булар кирет:
оригиналдуу үрөндөр;
суперэлита;
элита;
1-репродукция;
2-репродукция;
3-репродукция.
5.3. Ушул Жобо бекитилген учурдан тартып Кыргыз Республикасында Экономикалык Кызматташтыктын жана Өнүгүүнүн эл аралык Уюму (ОЕСD) белгилеген үрөндөрдүн көрсөтүлгөн категорияларына ылайык келүүчү үрөндүн төмөндөгүдөй категориялары киргизилет:
ОЗСД белгилеген категориялар | Кыргыз Республикасында белгиленген категориялар |
Селекционердин үрөндөрү | Оригиналдуу үрөндөр |
Пред-базалык үрөндөр | Суперэлита үрөндөрү |
Базалык үрөндөр | Элита үрөндөрү |
1-муундагы сертификатталган үрөндөр. Сертификатталган үрөндөр (кайчы чаңдашуучу дан эгиндери) | 1-муундагы сертификатталган үрөндөр. Сертификатталган үрөндөр (кайчы чаңдашуучу дан эгиндери) |
2-муундагы сертификатталган үрөндөр | 2-муундагы сертификатталган үрөндөр |
| 3-муундагы сертификатталган үрөндөр |
5.4. Сертификатталган оригиналдуу үрөндөргө чейин муундардын чектелген саны бар. Оригиналдуу үрөндөрдү өндүрүү селекционерлердин жана селекциялык уюмдардын карамагында калат. Оригиналдуу үрөндөр сертификаттоого жана пробаларды тандап алууга тийиштүү заявкаларды бергенде сертификатталат, алар контролдук участкада эгүү үчүн 12-бөлүмдө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык тандалып алынат.
5.5. Үчүнчү муундагы үрөндөрдү сертификаттоо Кыргыз Республикасында белгилүү мезгилдин ичинде этаб-этабы менен жоюлат.
6. Шайкеш келүү сертификаты
6.1. Үрөндөрдүн партияларын аныктоо үчүн шайкеш келүү сертификатын алуу үчүн заявка ыйгарым укуктуу органга белгиленген формада жыл сайын 15-марттан кечиктирилбестен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2. Ар бир өзүнчө партияга шарттуу номер берилет, ал уникалдуу болуп эсептелет жана ушул гана партияны билдирет. Партиялардын шарттуу белгилери 13-бөлүмдө каралган форма боюнча гана белгиленет.
6.3. Заявка алынгандан жана шайкеш келүү сертификатын берүүгө алдын ала акы төлөнгөндөн кийин үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган ушул Жобонун талаптарына ылайык алынган заявкаларды аткаруу процедурасын өткөрөт.
6.4. Үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган эгерде төмөндөгүдөй талаптар аткарылбаса берилген үрөндөрдүн партиясына сертификатты берүүдөн баш тартуусу мүмкүн:
а) үрөндүн ушул партиясы өстүрүлүп алынган айдоо же айдоолор мурда тийиштүү мезгилде катталбаган болсо;
б) үрөндөрдүн ушул партиясы өстүрүлүп алынган айдоону же айдоолору расмий текшерүү учурунда 11-бөлүмдө көрсөтүлгөн стандартка айдоо же айдоолор жооп бербесе;
в) үшул партиядагы үрөндөрдүн пробалары расмий текшерүү учурунда үрөндөр Ушул Жобонун 11-бөлүмүндө каралган стандарттардын талаптарына жооп бербесе;
г) сертификаттоо үчүн расмий текшерүүгө коюлган үрөндөрдүн пробаларын тандап алуу 12-бөлүмдө каралган талаптарга ылайык өткөрүлбөсө;
д) талаага эгилген үрөндөрдүн тандалып алынган партиясынын пробалары себилген участкалардын расмий текшерүүлөрү ошол айдоолор ушул Жобонун 11-бөлүмүндө каралган стандарттардын талаптарына жооп бербегендигин көрсөтсө;
е) шайкеш келүү сертификатын берүү жөнүндө заявка берилген үрөндөрдүн партиясына карата нормативдик талаптарда кандайдыр бир тартип бузуулар болсо.
6.5. Үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган үрөндөрдүн бүтүндөй бир партиясына, ошондой эле анын бир бөлүгүнө берилген шайкеш келүү сертификатын тартып алууга укугу бар.
6.6. Шайкеш келүү сертификаты төмөндөгүдөй учурларда тартылып алынат:
а) сертификатталынуучу үрөндөр ушул Жобонун белгиленген талабына жооп бербейт деп табылса;
б) шайкеш келүү сертификатын алуу үчүн мурда берилген маалыматтарда кемчиликтер табылса;
в) үрөндөрдү өндүрүү, тазалоо, сактоо жана сатуу процессинде одоно кемчиликтер табылса.
6.7. Шайкеш келүү сертификатында көрсөтүлүүчү маалыматтар:
а) ыйгарым укуктуу органдын аталышы жана дареги;
б) үрөндөрдү өндүрүүчүнүн аталышы (аты), дареги жана каттоо номери;
в) үрөндөрдүн партиясынын шарттуу номери;
г) өсүмдүк, сорттун аталышы, категориясы (минималдуу стандарт);
д) үрөндөрдүн партиясынын неттосунун салмагы жана таңгактардын саны;
е) үрөндөрдү иштетүүнүн түрү (эгерде мындай иштер жасалса).
7. Пробаларды тандоо
7.1. Расмий текшерүү үчүн үрөндүн сынамыктарын алуу ыйгарым укуктуу органдын өкүлү тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
7.2. Пробаларды тандоо жүргүзүлүүчү үрөндөрдүн партиялары бир тектүү болууга жана 12-бөлүмдө каралган мүмкүн болгон максималдуу массадан ашпоого тийиш.
7.3. Пробаларды тандоо үрөндүк жана себилүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган тарабынан кабыл алынган эл аралык методика боюнча жүргүзүлөт.
7.4. Эгер үрөндөрдүн пробаларын тандоо дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү үчүн нормативдик-техникалык документациянын талаптарына ылайык келбегендиги табылса, анда мындай пробалар расмий текшерүүдөн өткөрүлбөйт. Бул учурда текшерүүдөн алынган натыйжалар анык эмес деп табылат да, жоюлат.
8. Таңгактоо (упаковкалоо) жана пломбалоо
8.1. Тандалып алынган пробалар үрөндү ташыган учурда зыянга учурабагандай болуп таңгакталууга тийиш. Ным өтпөгөн контейнерлерге нымдуулукту аныктоо үчүн пробалар салынат.
8.2. Үрөн салынган таңгак сынамыктарды тандап алуу учурунда пломбаланууга, ал эми таңгактын ичиндегиси ушул Жобонун 9-бөлүмүнүн жазма буйруктарына ылайык сынамыктарды тандап алууга ыйгарым укуктуу органдын өкүлү тарабынан маркаланууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
8.3. Үрөн салынган таңгактар пломбаны бузбай ачып алуу же таңгактын өзүн бузбай алмаштырып коюу же үрөндү алып коюу мүмкүнчүлүгүнө жол бербегендей пломбаланууга тийиш.
8.4. Таңгакты ачкан учурда пломба аны экинчи жолу пайдаланууга жараксыз болуп калгандай сындырылышы керек.
8.5. Эгерде үрөн салынган таңгак пломбаланса жана андан кийин ачылса, анда кайталап пломбалоону ыйгарым укуктуу органдын адамы гана аткара алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
8.6. Бул талаптардын бардыгы каптарга, ларларга, көп жүк батуучу идиштерге жана кампаларга салынган үрөндөргө тийиштүү болот. Чындыгында бул мындай дегенди билдирет:
а) каптардан пробаларды тандоодо каптар пробалар тандалып алганга чейин пломбалоого тийиш;
6) пробаларды ларлардан, чоң жүк сыючу идиштерден жана кампалардан тандап алууга аларга пробалар тандалып алынаары менен токтоосуз пломбаланышы керек.
8.7. Пломбалоонун эң бир ылайыктуу ыкмалары төмөндөгүлөр болуп эсептелет:
а) алдын ала көзөнөктөр жасалган картон этикеткаларды пайдаланууда тийиштин аягында сөөмөй менен бармактын мөөрү коюлат;
б) башка этикеткалар (картон, өзү желимдешүүчү жана айрылбаган) таңгактын чокусунда жайгашуусу жана тигилүүсү керек. Эгерде этикетка тигилбесе, анда түйүнгө бармак жана сөөмөйдүн мөөрү басылган пломба коюлат;
в) үрөн салынган ларлар пломбаны коюу жолу менен же өзү жабышуучу расмий этикетка менен бекитилиши жана мөөр басылышы керек, бул учурда пломбаны бузбастан үрөндү эсепсиз берүүгө жол бербөө зарыл;
г) үрөндү кампаларда төгүп сактоодо ал жайлар жакшылап сакталышы жана жабылып турушу керек. Ар бир өзүнчө бөлмөгө кулпу салынып, пломбанын болушу көрүнүп тургандай мөөр басылышы керек.
9. Таңгактарды этикеткалоо (маркалоо)
9.1. Белгиленген үлгүдөгү расмий этикетка үрөн же үрөн аралашмасы салынган таңгактын же идиштин (таранын) тыш жагына бекитилип, анда үрөндөр жөнүндө тийиштүү маалыматтар болууга тийиш. Этикетка өлчөмү жана түсү боюнча 3-тиркемеде аныкталган талаптарга жооп берүүсү керек.
9.2. Расмий этикетка желим менен жабыштырылуусу же таңгакка пломбанын жардамы менен бекем бекитилиши керек. Этикетканы жабыштыруу же илүүнү үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдын ыйгарым укуктуу адамынын көзөмөлү менен аткарылат.
9.3. Таңдалган түрдөгү (үрөн аралашмасын сатууда керектөөчүгө бул таңгактагы үрөн аралашмасы жөнүндө толук маалымат берилиши керек. Бул маалыматтар таңгакка жабыштырылган этикеткада, же таңгактын өзүндө, же тийиштүү коштоочусу документтерде жазылат.
9.4. Тышкы этикеткага толуктоо катары, ар бир үрөндүн же үрөн аралашмасынын таңгагына тышкы түсү бирдей болгон расмий ички этикетка салынат. Ички этикеткада таңгактагы үрөндөр жөнүндө тышкысындагыдай эле маалыматтар жазылат.
9.5. Эгерде үрөндөр жөнүндөгү маалыматтар таңгактын тышкы бетинде жуулбаган боек менен жазылса, же эгерде тышкы жабыштырылуучу этикетка кыйла бышык материалдан жасалса, анда 9.4. параграфта каралган расмий ички этикетка талап кылынбайт.
9.6. Таңгакты 8.5.-параграфтын талаптарына ылайык кайталап пломбалаган учурда бул факт кайталап пломбалоонун айы жана жылы көрсөтүлгөн расмий этикеткада чагылдырылууга тийиш.
9.7. Эгерде үрөндөр кандайдыр бир химиялык иштетүүгө дуушар болсо, анда бул аракет жана колдонулган химикаттарды саноо менен иштетүүнүн түрү үрөндүн поставщигинен өзүнчө этикеткада көрсөтүлүүгө тийиш.
9.8. Маалыматтар жана коштоочу маалыматтар ушул жобого ылайык орус жана кыргыз тилдеринде берилиш керек.
9.9. Үрөндөрдү сатуу же сатууга даярдоо процессинде үрөндүн сатуучусунун өзү же башка адамдар үрөн салынган таңгактоочу идиштерге салынган же анын тышына жазылган этикеткаларды же маркалоолорду атайын даярдоого, маалыматтарды жазууга же өчүрүүгө, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, маанисин бузууга, ачууга же кандайдыр бир жолдор менен аларды дайындалышы боюнча пайдаланбоого, же таңгактарга бекитилүүчү, ичине салынуучу же тышкы бетине жазылуучу этикеткаларга карата жогоруда аталган аракеттерди жасоого тыюу салынат.
10. Сертификатталган үрөндөрдү өндүрүүдө колдонулуучу стандарттар
Бешинчи бөлүмдө көрсөтүлгөн категорияларга ылайык сертификатталган үрөндөр үчүн төмөндөгүдөй стандарттар колдонулат.
10.1. Айдоолорго таралуучу стандарттар
10.1.1. Сорттук жана түрдүк тазалык боюнча техникалык талаптар:
а) буудай жана полба, арпа жана сулу үчүн (төмөндө)
(% менен)
Айдоо | Экспорт үчүн | Республика ичинде пайдалануу үчүн | ||
сорттук тазалыгы | түрдүк тазалыгы | сорттук тазалыгы | түрдүк тазалыгы | |
Суперэлита жана элита | 99,9 | 99,99 | 99,7 | 99,5 |
С1 | 99,7 | 99,99 | 99,5 | 99,0 |
С2 | 99,5 | 99,99 | 98,0 | 98,0 |
С3 | 99,0 | - | 95,0 | 95,0 |
б) кара буудай үчүн
(жогорку стандарт жок)
Сортко таандыгы айкын кррүнбөгөн өсүмдүктөрдүн саны суперэлита жана элита үрөндөрүн өндүрүүдө 30 чарчы метрде бир өсүмдүктөн жана сертификатталган үрөндөрдү өндүрүүдө 10 чарчы метрде бир өсүмдүктөн ашпоого тийиш.
в) тритикале үчүн
(жогорку стандарт жок)
Айдоо | Экспорт үчүн | Республика ичинде пайдалануу үчүн |
Сорттук тазалыгы % менен |
|
|
Суперэлита жана элита | 99,9 | 99,9 |
Сертификатталган үрөндөр | 99,7 | 99,0 |
г) жүгөрү үчүн |
|
|
Суперэлита жана ата-энелик формалардын элита үрөндөрү | 99,9 | 99,5 |
Гибриддик сорттордун сертификатталган үрөндөрү | 99,8 | 99,5 |
Өзү чаңдашуусу линиялардын суперэлита жана элита үрөндөрү | 99,5 | 99,5 |
Өзү чаңдашуусу линиялардын (сорттордун) сертификатталган үрөндөрү | 99,0 | 99,0 |
10.2. Үрөндүк үчүн таркатылуучу стандарттар
10.2.1. Өнүмдүүлүгү (%)
| Экспорт жана республика ичинде пайдалануу үчүн | Деңиз деңгээлинен 1500 м жогору жайгашкан бийик тоолуу зоналар үчүн |
Жумшак буудай жана полба, кара буудай, арпа жана сулу үчүн | 95 | 90 |
Катуу буудай үчүн | 90 | - |
Тритикале үчүн | 92 | 90 |
Жүгөрү үчүн | 92 | - |
10.2.2. Аналитикалык тазалыгы (%)
|
| Экспорт жана республика ичинде пайдалануу үчүн |
Буудай жана полба, кара буудай, арпа жана сулу үчүн | Суперэлита жана элита | 99 |
| С1, С2, С3 | 98 |
Тритикале үчүн | бардык категориялар | 99 |
Жүгөрү үчүн | бардык категориялар | 99 |
10.3. Пробанын анализи боюнча аныкталуучу отоо чөптөргө булгандыгы боюнча талаптар
а) жумшак буудай, катуу будай жана полба үчүн
1000 г үрөндөгү башка түрдөгү өсүмдүктөрдүн уругунун максималдуу болуусунун саны
(даана)
| Экспорт жана республика ичинде пайдалануу үчүн | |
Үрөндөр | башка өсүмдүктөрдүн | анын ичинде отоо чөптөрдүн |
Суперэлита жана элита | 10 | 5 |
С1 жана С2 | 40 | 20 |
С3 | 200 | 70 |
б) арпа жана сулу үчүн
1000 г үрөндөгү башка түрдөгү өсүмдүктөрдүн уругунун максималдуу
болуусунун саны
(даана)
| Экспорт жана республика ичинде пайдалануу үчүн | |
Үрөндөр | башка өсүмдүктөрдүн | анын ичинде отоо чөптөрдүн |
Суперэлита жана элита | 10 | 5 |
С1 жана С2 | 80 | 20 |
С3 | 300 | 70 |
в) кара буудай үчүн
1000 г үрөндөгү башка түрдөгү өсүмдүктөрдүн уругунун максималдуу
болуушунун саны
(даана)
| Экспорт жана республика ичинде пайдалануу үчүн | |
Үрөндөр | башка өсүмдүктөрдүн | анын ичинде отоо чөптөрдүн |
Суперэлита жана элита | 10 | 5 |
Сертификатталган | 80 | 40 |
г) тритикале үчүн
1000 г үрөндөгү башка түрдөгү өсүмдүктөрдүн уругунун максималдуу
болуусунун саны
(даана)
| Экспорт жана республика ичинде пайдалануу үчүн | |
Үрөндөр | башка өсүмдүктөрдүн | анын ичинде отоо чөптөрдүн |
Суперэлита жана элита | 20 | 10 |
Сертификатталган | 200 | 70 |
д) жүгөрү үчүн
1000 г үрөндөгү башка түрдөгү өсүмдүктөрдүн уругунун максималдуу
болуусунун саны
(даана)
| Экспорт жана республика ичинде пайдалануу үчүн | |
Үрөндөр | башка өсүмдүктөрдүн | анын ичинде отоо чөптөрдүн |
Суперэлита жана элита | 0 | 0 |
Сертификатталган | 5 | 0 |
10.4. Нымдуулук
Буудай жана полба, кара буудай, арпа, сулу жана тритикале үчүн бардык категориялар жана деңгээлдер үчүн нымдуулук 15%тен ашпоосу каралган.
Жүгөрү үчүн 14% нымдуулук каралган.
10.5. Илдеттер
Үрөндөр тубаса илдеттер менен организмдерге чалдыгуусуна карата канааттандыраарлык абалда болууга тийиш.
Пробадагы үрөндүн илдеттерге чалдыгуусунун % (1000 г)
а) буудай жана полба, арпа жана сулу үчүн
| Катуу кара көсөөгө чалдыгышы | Мүйүз кара көсөө аралашмасы |
Суперэлита жана элита | 0 | 0,01 |
С1 жана С2 | 0 | 0,03 |
С3 | 0,002 | 0,03 |
б) кара буудай үчүн
| Катуу кара көсөөгө чалдыгышы | Мүйүз кара көсөө аралашмасы |
Суперэлита жана элита | 0 | 0,03 |
Сертификатталган | 0 | 0,05 |
в) тритикале үчүн
| Катуу кара көсөөгө чалдыгышы | Мүйүз кара көсөө аралашмасы |
Суперэлита жана элита | 0 | 0 |
Сертификатталган | 0,002 | 0 |
г) жүгөрү үчүн стандарт белгиленбейт
11. Үрөндөрдүн партиясына колдонулуучу шарттар
11.1. Үрөндөрдүн партиясы:
а) Кыргыз Республикасында үрөндөрдүн партиясы делип бир же бир нече талаалардан тазаланган продукция (үрөн) аталат. Үрөндөрдүн партияларынын минималдуу же максималдуу мүмкүн болгон массасы расмий түрдө жок;
б) үрөндөрдүн ар бир өзүнчө партиясынан пробаларды тандоо үчүн "контролдук бирдиктерди" (30 тонна) бөлүп алышат;
в) эгерде ар бир өзүнчө контролдук бирдикти текшерүүнүн натыйжасы канааттандыраарлык болсо, анда үрөндөрдүн бардык партиясы үчүн орточологон натыйжасына туура келет. Терс натыйжаны көрсөтүшкөн контролдук бирдиктер расмий түрдө сертификатталбайт жана үрөндөрдүн партиясынан алынып ташталат же кайталап тазалантат же кайталап текшерилет;
г) ушул Жобо күчүнө кирген учурдан тартып, тазаланган үрөндөрдүн партиясынын массасы бардык өсүмдүктөр үчүн 30 тонна максималдуу массасы менен чектелет. Жогоруда аталган массадан 5%ти түзгөн максималдуу оош-кыйышка жол берилет. Үрөндөр ушул Жобонун 9-бөлүмүндө каралган тартипте өзүнчө парияларга бөлүштүрүлүшү жана белгилениши керек;
д) Кыргыз Республикасында эл аралык нормаларга жана ИСТА стандарттарынын талаптарына ылайык үрөндөрдүн партияларынын төмөндөгүдөй максималдуу массасы белгиленген:
- жүгөрү үчүн 40 тонна;
- башка түрлөрү үчүн 30 тонна.
Максималдуу оош-кыйыш жогоруда көрсөтүлгөндөн 5% түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы N 502 токтомунун редакциясына ылайык)
11.2. Пробаларды тандоо:
а) үрөндүн партиясынан пробаны партиянын ар кайсы жерлеринен алгачкы пробаларды эркин тандоо жолу менен алышат да, андан кийин бирдиктүү пробаны түзөт. Бирдиктүү пробаны анализге бүтүндөй өткөрүшөт. Эгерде блрдиктүү проба өтө чоң болсо, анын массасын расмий жактырылган проба бөлүүчүнү пайдаланып азайтын койсо болот;
б) Кыргыз Республикасында үрөндөрдүн пробаларын тандоону аэыркы кезде ГОСТто каралган азыркы методика боюнча өткөрүшөт;
в) Кыргыз Республикасы азыркы кезде колдонун жаткан пробаларды тандоонун методикасы эл аралык кабыл алынган методика менен толук шайкеш келбестигин моюнга алат. Бул методдор ушул Жобо кабыл алынган учурдан тартып өндүрүшкө киргизилет;
г) пробалар тандалып жаткан үрөндөрдүн партиялары бир тектүү болууга тийиш. Партиянын бир тектүү эместиги женүндө документалдык да, кандайдыр бир башка күбөлүк да болбоого тийиш. Эгерде анализге коюлган үрөндөрдүн партиясы бирден көп таңгакталса, анда таңгактардын өлчөмү жана түрү бирдей болууга, андагы үрөндөрдүн массалары да болжол менен бирдей өлчөмдө болууга тийиш;
д) үрөндөрдүн точкалык (баштапкы) пробалары партиянын ар бир жеринен тандоодо бирдей массага ээ болууга тийиш;
е) эгерде үрөндөрдүн партнясы ар биринин салмагы 15 кг жана 100 кг чейин өлчөмдөгү каптарга же контейнерлерге салынса, пробаларды тандоо керек болгон таңгактардын минималдуу салмагы төмөнкү таблицанын талаптарына туура келиш керек:
Партияны түзүүчү таңгактардын саны | Тандоо жүргүзүлгөн таңгактардын минималдуу саны |
1-4 | ар бир таңгакчадан алгачкы үч сынамык тандап алынат |
5-8 | ар бир таңгакчадан алгачкы эки сынамык тандап алынат |
9-15 | ар бир таңгакчадан алгачкы бир сынамык тандап алынат |
16-30 | ар бир үрөндүк партиядан алгачкы 15 сынамык тандап алынат |
31-59 | ар бир үрөндүк партиядан кеминде 20 сынамык тандап алынат |
60 жана андан ашуун | ар бир үрөндүк партиядан кеминде 30 сынамык тандап алынат |
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы N 502 токтомунун редакциясына ылайык)
ж) таңгактарды эркин ылгоо, ал эми точкалык пробаларды үстү жагынан, таңгактын ортосунан жана астынан тандоо керек, бирок кандай болбосун таңгактын бир эле жеринен, (абалдан) алуу милдеттүү эмес. Ал таңгактардын точкалык пробаларды тандоочу жерлер кезектештирилип турууга тийиш;
з) үрөнүнүн массасы 100 кг ашкан таңгактардан пробаларды тандоодо жана кампага төгүлгөн үрөндөрдөн пробаларды тандоодо, точкалык (баштапкы) пробалар эркин тандалып алынган туура жана тике абалдан (орундан) тандалып алынат, бирок төмөндөгүдөй минималдуу талаптар сакталууга тийиш:
Партиянын массасы | Тандалуучу точкалуу пробалардын саны |
500 кг чейин | эң болбогондо беш точкалык проба |
5001-3000 кг | ар бир 300 кг бир точкалуу проба, бирок бештен кем эмес |
3001-20000 кг | ар бир 500 кг бир точкалуу проба, бирок андан кем эмес |
20001 кг жана жогору | ар бир 700 кг бир точкалуу проба, бирок кырктан кем эмес |
и) пробаны тазалоо учурунда үрөндүн куюлуп турган ачымынан алууга болот, мында проба тандоочу автоматтык жасалгалар пайдаланылат. Алар пробаны кыймылдап турган үрөндүк агымдын туура профилинен тандап алышат. Үрөндөрдүн порциялары ар бир партияны тазалоо процессинде бирдей интервал менен тандалат, бул учурда үрөндөрдүн үймөгүнөн пробаларды тандоого коюлуучу талаптар сакталат (8 жана 14-бөлүмдөрдү караңыз);
к) пробаларды тандоо үчүн шаймандар үрөндүк партиялардын каалаган бөлүгүнөн пробаларды алууну мүмкүндүгүн камсыз кылуу керек;
л) анализге берилүүчү минималдуу масса 12.3. пупктка туура келиши керек. Эгерде бирдиктүү пробанын массасы анализге коюлуучу пробанын каралган талаптарынан ашып кетсе, анда ал, расмий жактырылган проба бөлүштүрүүнү колдонуу менен керектүү массага чейин азайтылышы мүмкүн;
м) үрөндөрдүн нымдуулугун аныктоо үчүн точкалуу пробалар пробадан алынган үрөндөрдүн ачык асман астында болуусун минимумга чейин жеткирүүдөй кылып тандалат. Түзүлгөн бирдиктүү проба аба өткөрбөгөн контейнерге салынып үрөндөрдү тестирлөөчү лабораторияга токтоосуз жөнөтүлүшү керек. Бул проба проба балүштүрүүчү аркылуу өткөрүлбөөгө тийиш. Нымдуулукту аныктоо үчүн тандалган үрөн башка анализдерди өткөрүүгө дайындалган үрөндөрдөн өзүнчө сакталууга тийиш.
11.3. Анализге берилүүчү проба
Анализге берилүүчү пробанын минималдуу массасы төмөндөгүдөй талаптарга туура келиш керек:
- 2000 г бардык түрлөрү үчүн;
- 500 г жүгөрүнүн инбред линиялары үчүн.
Нымдуулукту аныктоо үчүн пробанын минималдуу массасы 100г. түзүүгө тийиш.
11.4. Үрөндөрдүн пробаларын пайдалануунун максаты
Анализге берилүүчү проба массасы боюнча бирдей болгон эки порцияга бөлүштүрүлөт. Анын бирөө анализ үчүн проба (төмөндөгүнү караңыз), ал эми экинчиси резервге калтырылат. Пробанын резервдик порциясы пробаны тандоону өткөргөн адамда сакталат.
Анализге коюлган үрөндөрдүн пробасы төмөндөгүдөй максаттар үчүн пайдаланылышы керек:
а) ар бир пробанын бир бөлүгү жалпы кабыл алынган эл аралык илимий методикага ылайык үрөндүн сорттук тазалыгынын мониторингин өткөрүү үчүн контролдук учаскаларда себүү үчүн калтырылат;
б) ар бир пробанын экинчи бөлүгү жалпы кабыл алынган эл аралык илимий методикага ылайык өткөрүлүүчү үрөндүн аналитикалык тазалыгын (отоо чөптөргө булгангандыгын анализдөө) аныктоо үчүн расмий лабораторияга анализге жөнөтүлөт;
в) суперэлита жана элита үрөндөрүнүн партиялары үчүн пробанын үчүнчү бөлүгү мүмкүн болушунча көбүрөөк мөөнөткө сакталат да, ушундай үрөндөрдүн болочок партияларынан үрөндөрдүн пробаларын контролдук участкаларда салыштыруу өткөрүлөт;
г) үрөндүк жана себилүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу орган каалаган башка зарыл анализдерди өткөрүүгө жана үрөндөрдүн ар бир партияларын сертификаттоо максатында каалаган маалыматтарды талап кылууга укуктуу.
11.5. Контролдук участкаларды түзүүнүн жыштыгы
Сертификаттоого коюлган үрөндөрдүн партияларынан пробаларды алып контролдук участкаларды түзүүнүн (себүүнүн) жыштыгы боюнча талаптар:
- суперэлита жана элита үрөндөрү үчүн контролдук участкалар ар бир пробадан түзүлөт;
- өзү чаңдоочу түрлөрдүн жана сорттордун сертификатталган үрөндөрү үчүн контролдук участок ар бир онунчу пробадан түзүлөт;
- кайчы чаңдоочу түрлөр менен сорттордун сертификатталган үрөндөрү үчүн контролдук участок ар бир төртүнчү пробадан түзүлөт (себилет).
Бул пробалар пост-контролдук участкаларда пробалар алынгандан кийин эле келген сезон учурунда өстүрүлүүгө тийиш.
Суперэлита жана элита үрөндөрүн пост-контролдук текшерүү - бул сертификатталган үрөндөрдү өндүрүүнү пост-контролдук текшерүү.
Сертификатталган үрөндөрдүн пробаларын пост-контролдук текшерүү, эгерде, бул үрөндөр кийинки муундагы үрөндөрдү өндүрүүгө дайындалса милдеттүү болуп эсептелет да, бул учурда ал үрөндөрдүн кийинки муундарын пост-контролдук текшерүү болуп эсептелет.
12. Үрөндөрдүн партияларын шарттуу номерлөөгө коюлуучу шарттар
Үрөндөрдүн окшоштугун (идепттүүлүгүн) колдоп туруу эң бир маанилүү процесс болуп эсептелет. Бул үрөндүк айдоолорго да, ошондой эле үрөндүк продукцияга да таралат, ал эми үрөн жыйналгандан, тазаланган жана тандалгандан кийин ал үрөндүн ар бир партиясына таралат. Мындай иденттүүлүктү (окшоштукту) айдоолорду көрсөтүүчү номерлөө системасынын (өстүрүлүп жаткан айдоолор жана жыйналган продукция үчүн) жана үрөндөрдүн партияларын номерлөө системасынын (үрөндөрдүн ар бир партиясы үчүн) жардамы менен колдоп турууга болот. Көрсөтүүчү номерлерди жана партиялардын кийинки шарттуу номерлерин байланыштыруучу бирдиктүү (бириккен) система ар бир өзүнчө партиялардын тегин (тарыхын) байкоого жана аныктоого мүмкүндүк берет.
12.1. Айдоолордун көрсөтүүчү номерлери:
а) ар бир өзүнчө айдоо (талаада) уникалдуу көрсөтүүчү номерге ээ болушу керек;
б) көрсөтүүчү номерлер оңой таанылуу үчүн универсалдуу схема боюнча берилет;
в) айдоолор үчүн көрсөтүүчү номерлерди берүү төмөндөгүдөй схема боюнча жүргүзүлөт:
- түшүм жылынын акыркы цифрасы;
- өндүрүүчүнүн катталуучу номери;
г) өндүрүүчү өз каалосу менен берүүчү катар номерлер (жоопкерчиликти өзүнө алат).
Маселен:
Түшүм жылы | 1998 |
Өндүрүүчүнүн каттоочу номери | 002 |
Айдоонун катар номери | 07 |
Мына ошентип, айдоонун көрсөтүүчү номери 8/002/07 болот.
12.2. Үрөндөрдүн партияларынын шарттуу номерлери:
а) үрөндөр партияларга бөлүнүп сатылганда ар бир партиянын уникалдуу шарттуу номери болууга тийиш;
б) шарттуу комерлер оңой таанылуу үчүн бирдиктүү схема боюнча берилет;
в) үрөндөрдүн партияларын номерлөө төмөндөгүдөй схема боюнча жүзөгө ашырылат:
- түшүм жылынын акыркы цифрасы;
- категориянын коду;
- үрөндү өндүрүүчүнүн катточу номери;
- ушул өндүрүүчүнүн көрсөтүлгөн түшүм жылында жыйнап алган үрөндөрүнүн партиясынын катао номери.
Маселен,
Түшүм жылы | 1998 |
Категориясы | Суперэлита |
Өндүрүүчүнүн каттоочу номери | 004 |
Үрөндөрдүн партиясынын катар номери | 03 |
Демек, үрөндөрдүн бул партиясынын номери мындайча болот: 8СЭ/004/03
12.3. Үрөндөрдүн категорияларын белгилөө үчүн төмөндөгүдөн эки маанилүү тамга коддору белгиленет:
оригиналдуу үрөндөр - ОР
суперэлита үрөндөрү - СЭ
элита үрөндөрү - ЭЛ
1-муундагы сертификатталган үрөндөр - С1
2-муундагы сертификатталган үрөндөр - С2
3-муундагы сертификатталган үрөндөр - С3
сертификатталган үрөндөр – СС
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сертификаттоо боюнча жобого ылайык сертификатталана турган өсүмдүктөрдүн түрлөрү
Латынча аталышы | Жалпы аталышы |
Avena sativa L. | сулу |
Hordeum vulgare L. sensu lato | арпа |
Secale cereale L. | кара буудай |
x Triticosecale Wittm | тритикале |
Triticum aestivun L. emend. Fiori et Paol | буудай |
Triticum durum Desf. | буудай |
Triticum spelta L. | полба |
Zea mays L. | жүгөрү |
кроме Zea mays convar. | кроме кукурузы |
microsperma Koern. и Zea mays | жарылуучу жүгөрүдөн |
convar. saccharata Koern | жүгөрү |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча жободо колдонулган ТЕРМИНДЕР ЖАНА ТҮШҮНҮКТӨР
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
Дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү
Дан өсүмдүктөрүнүн сортторун, линияларын жана гибриддерин кайрадан өндүрүү максатында колдонулчу өсүмдүктөрдүн үрөндөрү. Дан өсүмдүктөрүнүн тизмеси ушул Жобонун N 1 тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Оригиналдуу үрөндөр
Көбөйтүүнүн муундарынын санына катуу чек коюлган баштапкы материалдын өсүмдүктөрүнөн алынган үрөндөр:
а) оригинатор тарабынан өндүрүлөт же ал аларды өндүрүү үчүн жоопкерчилик тартат;
б) суперэлита үрөндөрүн өндүрүүгө дайындалган;
в) 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө 10-бөлүмдө белгиленген суперэлита жана элита үрөндөрүнө коюлуучу талаптарды канааттандырат.
Суперэлита үрөндөрү
1. Оригиналдуу үрөндөрдүн өсүмдүктөрүнөн алынган жана элита үрөндөрүн алуу үчүн дайындалган өзү чаңдашуучу өсүмдүктөрдүн үрөндөрү:
а) оригинатор тарабынан өндүрүлөт же ал аларды өндүрүү үчүн жоопкерчилик тартат;
б) 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө 10-бөлүмдө белгиленген суперэлита үрөндөрүнө коюлуучу талаптарды канааттандырат.
2. Оригиналдуу үрөндөрдүн өсүмдүктөрүнөн алынган жана сулунун, арпанын, жумшак буудайдын, катуу буудайдын, полбанын, тритикаленин жана кара буудайдын гибриддерин өндүрүүгө дайындалган үрөндөр:
а) оригинатор тарабынан өндүрүлөт же ал аларды өндүрүү үчүн жоопкерчилик тартат;
б) 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө 10-бөлүмдө белгиленген суперэлита үрөндөрүнө коюлуучу талаптарды канааттандырат.
Буга төмөндөгүлөрдү өндүрүү үчүн дайындалган үрөндөр киргизилет:
- синтетикалык компоненти;
- жападан жалгыз кросс-гибриддик стерилдүү аталык аналогун;
- стерилдүүлүктү бекемдөөнү аналогду;
- фертилдикти калыбына келтирүүчү аналогду;
- жөнөкөй линия аралык гибрид үчүн чаңдатуучу ата-энеге.
Элита үрөндөрү
1. Суперэлиталык айдоолордогу өсүмдүктөрдөн алынган жана биринчи муундагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү үчүн дайындалган өзү чаңдашуучу өсүмдүктөрдүн үрөндөрү:
а) оригинатор тарабынан өндүрүлөт жана аларды өндүрүү үчүн жоопкерчилик тартат;
б) 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө 10-бөлүмдө белгиленген элита үрөндөрүнө коюлуучу талаптарды канааттандырат.
2. Суперэлиталык айдоолордогу өсүмдүктөрдөн алынган жана сулунун, арпанын, жумшак буудайдын, катуу буудайдын, полбанын, тритикаленин жана кара буудайдын гибриддерин өндүрүүгө дайындалган үрөндөр:
а) оригинатор тарабынан өндүрүлөт жана аларды өндүрүү үчүн жоопкерчилик тартат;
б) 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө 10-бөлүмдө белгиленген элита үрөндөрүнө коюлуучу талаптарды канааттандырат.
Буга төмөндөгүлөрдү өндүрүү үчүн дайындалган үрөндөр киргизилет:
- эркин чаңдашуучу сортторду жана өзү чаңдашуучу линияларды;
- генетикалык жана цитоплазмалык эркектик стерилдүүлүктү колдонуу менен жөнөкөй линия аралык гибриддерди;
- жөнөкөй линия аралык гибриддердин фертилдүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн колдонулуучу чаңдаган (синтетикалык ыкма менен) ата-энелик формаларды;
- химиялык гибриддештирүү агенти апробациялануучу ата-энелик формаларды;
- химиялык гибриддештирүү агенти менен иштетилген өсүмдүктөрдү уруктандыруу үчүн пайдалануучу чаңдатылган ата-энелик формаларды;
- кара буудайдын үрөндөрүнүн цитоплазмалык эркектик стерилдүү формасынын жана чаңдатылган ата-энеснин атайын аралашмасын;
в) жүгөрүнүн эркин чаңдашуучу сортторунун үрөндөрү, алар:
- суперэлита үрөндөрүнөн өндүрүлөт;
- бир эле ошол сорттун, топкросс гибриддердин же сорт аралык гибриддердин сертификатталган үрөндөрүн өндүрүү үчүн дайындалган;
- 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө 10-бөлүмдө белгиленген суперэлита жана элита үрөндөрүнө коюлуучу талаптарды канааттандырат;
г) суперэлита үрөндөрүнөн өндүрүлгөн жүгөрүнүн гибреддик линияларынын үрөндөрү, алар 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө 10-бөлүмдө белгиленген суперэлита жана элита үрөндөрүнө коюлуучу талаптарды канааттандырат;
д) жүгөрүнүн жөнөкөй линия аралык гибриддеринин үрөндөрү, алар:
- суперэлита үрөндөрүнөн өндүрүлгөн жана кош линия аралык гибриддерди, үч линиялык гибриддерди жана топкросс гибриддердин өндүрүү үчүн дайындалган;
- 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө 10-бөлүмдө белгиленген элита үрөндөрүнө коюлуучу талаптарды канааттандырат;
е) жүгөрүнүн гибриддик сортунун сертификатталган үрөндөрүн өндүрүү үчүн дайындалган үрөндөр. Эгерде цитоплазмалык эркектик стерилдүүлүк (ЦМС) колдонулса, анда элита үрөндөрүнүн категориясына булар кирет:
- эркектик стерилдүү форманын үрөнү;
- ЦМС стерилдүүлүктү бекитүүнүн аналогунун үрөнү;
- фертилдүүлүктү калыбына келтирүүнүн аналогунун үрөнү.
Сертификатталган үрөндөр
Бул термин кийинки өсүмдүктөр үчүн элитадан кийин өндүрүлгөн биринчи репродукциянын үрөндөрүн белгилөө үчүн колдонулат:
а) жүгөрүнү, кара буудайды жана тритикалени, алар:
- түздөн-түз элита үрөндөрүнөн өндүрүлөт;
- негизинен андан ары адам жана мал пайдалануу максатында өсүмдүктөрдү же өсүмдүктөрдүн бир бөлүгүн өстүрүү үчүн дайындалган;
- 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө карата 10-бөлүмдө белгиленген сертификатталган үрөндөргө коюлуучу талаптарды канааттандырат;
б) сулуну, арпаны, жумшак буудайды, катуу бууданды жана полбаны, алар гибриддештирүүнүн акыркы жана жалгыз муундары болушат, алар:
- түздөн-түз элита үрөндөрүнөн өндүрүлөт;
- негизинен андан ары адам жана мал пайдалануу максатында өсүмдүктөрдү же өсүмдүктөрдүн бир бөлүгүн өстүрүү үчүн дайындалган;
- 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө карата 10-бөлүмдө белгиленген сертификатталган үрөндөргө коюлуучу талаптарды канааттандырат;
в) гибриддештирүүнүн биринчи жана жалгыз мууну болуп эсептелген жүгөрүнү, алар:
- түздөн-түз элита үрөндөрүнөн өндүрүлөт;
- негизинен андан ары адам жана мал пайдалануу максатында өсүмдүктөрдү же өсүмдүктөрдүн бир бөлүгүн өстүрүү үчүн дайындалган;
- 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө карата 10-бөлүмдө белгиленген сертификатталган үрөндөргө коюлуучу талаптарды канааттандырат;
г) гибриддик сорттун оригинаторунун көрсөтмөсү менен макулдашууга тийиш болгон энелик жана аталык формаларын кыйыштыруу жолу менен алынган сертификатталган үрөндөрдүн кара буудайдын гибридин.
1-муундагы сертификатталган үрөндөр
Сулунун, арпанын, жумшак буудайдын, катуу буудайдын жана полбанын үрөндөрүн, алар:
- түздөн-түз элита үрөндөрүнөн өндүрүлөт;
- же 2-муундагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү, же андан ары адам менен мал пайдалануу максатында өсүмдүктөрдү же өсүмдүктөрдүн бир бөлүгүн өстүрүү үчүн дайындалган;
- 6-бөлүмгө ылайык сертифткат берүүгө карата 10-бөлүмдө белгиленген сертификатталган 1-муундагы үрөндөргө коюлуучу талаптарды канааттандырат.
2-муундагы сертификатталган үрөндөр
Сулунун, арпанын, жумшак буудайдын, катуу буудайдын жана полбанын үрөндөрүн, алар:
- түздөн-түз 1-муундагы сертификатталган үрөндөрдөн өндүрүлөт;
- товардык продукциянын өндүрүү максатында өсүмдүктөрдү же өсүмдүктөрдүн бир бөлүгүн өстүрүү үчүн дайындалган;
- 6-бөлүмгө ылайык сертификат берүүгө карата 10-бөлүмдө белгиленген сертификатталган 2-муундагы үрөндөргө коюлуучу талаптарды канааттандырат.
Ыйгарым укуктуу орган
Үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоону, сортторду сыноону жана каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган.
Оригинатор
Сортту өндүрүүгө же колдоп турууга жооптуу адам же уюм.
Баштапкы материал
Бир же бир нече муундардан кийин бул сорттун бардык үрөндөрү өстүрүлүүчү жана сортту колдоо үчүн оригинатор пайдалануучу эң кичине бирдик.
Үрөндөрдүн партиясы
12-бөлүмдө аныкталган массанын талаптарынан ашпоого тийиш болгон, уникалдуу шарттуу номерге ээ, үрөндөр аралашкан же бир тектүү чогултулган көзгө таанылуучу үрөндөрдүн партиясы.
Сорт
Кандайдыр бир айкын айырмалануучу белгилери (морфологиялык, физиологиялык, цитологиялык, химиялык ж.б.) үчүн көбөйтүүдө (жыныстык жана жыныстык эмес) өзүнүн айырмалануучу белгилерин сактаган маданий өсүмдүктөрдү билдирүүчү эл аралык термин.
Гибриддүү сорт
Гибриддүү сорт - бул кандайдыр бир белгилери боюнча айкын айырмаланган өсүмдүк жана ал үчүн оригинатор гибриддештирүүнүн атайын формуласын аныктайт.
Синтетикалык компонент
Бул комбинациялык жөндөмдүүлүгү жакшы бир катар инбреддик генотиптерди эркин кайрадан чаңдаштыруу жолу менен түзүлгөн сорт, бул учурда бардык генетикалык шартталган белилерин көрсөтүүсү мүмкүндүгү бирдей берилет. Синтетикалык компонентти эркин чаңдашуучу популяция катары бир же андан ашык муундардын ичинде көбөйтүүгө мүмкүн.
Жүгөрүнүн эркин чаңдоочу сорту
Жүгөрүнүн кыйла бир түрдүү жана туруктуу сортун билдирет, ал өндүрүүдө өзүнүн айырмачылык белгилерин сактап калат.
Жүгөрүнүн синтетикалык сорту
Белгилүү компоненттерди кыйыштыруудан алынган эркин чаңдашуучу сорт. Ал гомозиготтуу эмес, бирок генетикалык жактан туруктуу. Сертификатталган үрөндөрүнүн муундарынын саны кескин чектелген.
Гибриддик популяция жүгөрүнүкү
Белгилүү ата-энелик компоненттердин көп сандагы эркин кыйыштыруудан (кайрадан чаңдаштыруудан) алынган 1-муун.
Химиялык гибриддештирүүнүн агенти (АХГ)
Аталык айдоолордо өсүмдүктөрдүн белгилүү стадиясында же чаңчаны иштеп чыгууну баскан же функционалдуу эмес чаңчаны берген, анын натыйжасында эркек өсүмдүк стерилдүү болуп калган химиялык дары.
Генетикалык жана цитоплазмалык эркектик стерилдүүлүк
Же генетикалык, же цитоплазмалык жол менен көзөмөлдөөгө боло турган гибриддик форманын энелик линиясынын эркектик стерилдүүлүгү.
Стерилдүүлүк
Энелик өсүмдүктөр үчүн эркектик стерилдүүлүктүн деңгээли.
Гибриддүүлүк
Биринчи муундагы гибриддердин гибриддик үрөндөрүндө жалпы болушу, бирок бул түшүнүк гибриддик популяцияларга жана сортторго карата колдонулбайт.
Жүгөрүнүн инбред линиялары жана гибриддери:
инбед линиялары - жетиштүү түрдө бир тектүү жана туруктуу линия, ал бир нече кийинки муундардын ичинде тандоо же эквиваленттүү аракеттер (операциялар) менен коштолуучу жасалма өзүнчө чаңдашуу жолу менен алынат.
жөнөкөй линия аралык гибрид - эки инбред линияларын кыйыштыруудан алынган биринчи муундагы гибрид.
кош линия аралык гибрид - эки жөнөкөй линия аралык гибриддерди кыныштыруудан алынган биринчи муундагы гибрид.
үч линиялуу гибрид - инбред линиясы менен жөнөкөй линия аралык гибридди кыйыштыруудан алынган биринчи муундагы гибрид.
топкросс гибриди - же инбред линиясын, же жөнөкөй линия аралык гибридди эркин чаңдашуучу сорт менен кыйыштыруудан алынган биринчи муундагы гибрид.
сорт аралык гибрид - эки эркин чаңдашуучу сорттордун өсүмдүктөрүн кыйыштыруудан алынган биринчи муундагы гибрид.
|
| 3-тиркеме |
Үрөндөрдү этикеттөө (маркалоо) жана таңгактоо боюнча спецификация
1. Баяндап жазуу.
2. Этикеткалар же желимдеп жабыштырылуучу же жабыштырбоочу болушу мүмкүн. Маалыматтар же бир бетине, же этикеткалын эки бетине тең жазылышы мүмкүн.
3. Этикеткалар тик бурчтук формасында, 10 мм х 67 мм минималдуу өлчөмдө болот.
4. Этикеткалардыи түсү төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:
Оригиналдуу үрөндөр кызгылт
Суперэлита үрөндөрү диагоналы боюнча кызгылт тилкеси бар ак
Элита үрөндөрү ак
1-муундагы сертификатталган үрөндөр көгүш
2-жана андан кийинки муундагы
сертификатталган үрөндөр кызыл
Үрөндөрдүн аралашмалары жашыл
Элита жана андан кийинки муундардагы сертификатталган үрөндөрдү маркалоо үчүн дайындалган бардык кызыл этикеткаларда муундун тийиштүү номери көрсөтүлөт.
5. Этикеткаларды даярдоо үчүн даярдалуучу материал демейде пайдалануу учурунда зыянга учурабашы үчүн өтө бышык болууга тийиш.
6. Этикеткадагы маалымат.
7. Этикеткадагы маалыматтар печатталган кара шрифт менен басылууга тийиш:
Ыйгарым укуктуу органдын аты жана
дареги
Үрөндөрдүн партиясынын шарттуу номери 12-бөлүмдү караңыз
Түрү (өсүмдүк) латынча аталышы
Жүгөрү үчүн сорттун же
инбред линиясынын аталышы
Үрөндөрдүн категориясы оригиналдуу, суперэлита, элита же 1,2-же башака муундагы сертификатталган
Өндүрүүчү өлкө
Таңгактын айы жана жылы (пломбалоосу)
Үрөндөрдүн декларациялануучу массасынын эгерде гранулданган пестициддер
же неттосу же бруттонун массасы же үрөн кабыкча
үрөндөрдүн менен катталса же
декларация числосу башка катуу кошумчалар пайдаланылса, анда кошумчалардын жаратылышы жана алардын таза массасына жана жалпы массасына катнашы көрсөтүлүшү керек
Эгерде таңгактар кайрадан маркаланса,
ал жөнүндө белги
Гибриддештирүү участкаларында пайдалануучу сорттордун үрөндөрүнүн этикеткаларында алардын дайындалышышы (энелик формасы, аталык формасы) көрсөтүлөт.
Сертификатталган үрөндөр үчүн этикеткаларда "гибрид" деген сөз жана гибрид сортунун аталышы жазылууга тийиш.
8. Этикеткадагы жазуулар (сөздөр менен тамгалардын чоңдугунун ортосундагы аралык) так жана эркин окулгандай болууга тийиш.
9. Эгерде маалыматтар дал таңгакка жазылса, анда алардын жайгашышы жана формасы стандарттуу этикеткага мүмкүн болушунча жакындаштырылышы керек.
10. Этикеткадагы маалыматтар жайгашкандан кийин калган бош жер 9-бөлүмдө каралат, ал ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча кошумча маалыматтар үчүн пайдаланышы мүмкүн. Этикеткага же упаковканын үрөндөр жөнүндө милдеттүү болгон маалыматтар жазылган бетине реклама түрүндөгү маалыматтарды жайгаштырууга тыюу салынат.
11. Үрөндөрдүн аралашмаларынын этикеткалары үчүн спецификация:
Аралашма... түрлөрү жана сорттору
Фирмалык аталышы эгерде колдонулса
Ыйгарым укуктуу органдын
аталышы жана дареги
Партиянын шарттуу номери 12-бөлүмдү караңыз
Өндүргөн өлкө
Пломбалоонун айы жана жылы
Үрөндөрдүн декларациялануучу эгерде гранулданган пестициддер
неттосунун массасы же үрөндөрдү же үрөндөр кабыкчага катталса
декларациялоонун числосу же башка катуу кошумчалар пайдаланылса массаны көрсөтүүдө кошумчалардын жаратылышы жана алардын үрөндөрдүн таза массасына катнашы жана жалпы массасы көрсөтүлүүгө тийиш
Кыргыз Республикасында гана
сатылууга уруксат берилген
Аралашманын ар бир курамдык компоненти үчүн берүүчүлөр төмөндөгүдөй маалыматтарды көрсөтүүсү зарыл:
1. Өсүмдүк
2. Категориялары
3. Жүгөрү үчүн сорту жана инбред линиясы
4. Өндүргөн өлкөсү
5. Аралашмадагы үрөндүн массасынын катнашы (пропорциясы)
6. Жүгөрүнүн гибриддик сорттору үчүн: "гибрид".
Сортторду аралыштырганда.
Ушул аралашмадагы зыяндуулуктун деңгээлин төмөндөтүүчү илдеттер жана зыянкечтер.