Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №332
токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тар-магындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө жобо; - Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тар-магындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетжөнүндө жобо; - (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №332
токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын бюджетинде ушул көрсөтүлгөн сыйлыктарды ыйгарууга, аларды ыйгаруугабайланышкан иш-чараларга, Комитеттин кызматкерлеринин эмгек акысына,Комитеттин коммуналдык жана башка чыгымдарына каражаттарды караштырсын. 4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы N154 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 5. Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 54-үй дарегиндеги имараттынэкинчи кабатындагы ээлеп турган бир бөлмө Кыргыз Республикасынын Адаби-ят искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы мамлекет-тик сыйлыктары боюнча комитетке бекитип берилсин. 6. Күчүн жоготту деп эсептелсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-ноябрындагы N 478 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тарма-гындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги N 186"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-ноябрындагы N 478 ток-томуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 3-апрелиндеги N 187"Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагында-гы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитет жөнүндө жо-бону бекитүү тууралуу" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-августундагы N537 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13 ноябрындагы N 478"Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагында-гы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" токтому-на өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому. 7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнөтапшырылсын. Премьер-министр К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы N 39 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитетинин КУРАМЫ(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №332 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)