КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2001-жылдын 12-октябры № 635 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-апрелиндеги N 235 токтомунун, 2005-жылдын 19-августундагы N 388 токтомунун, 2007-жылдын 14-сентябрындагы N 409 токтомунун, 2007-жылдын 3-декабрындагы N 567 токтомунун, 2008-жылдын 2-июнундагы N 266 токтомунун редакцияларына ылайык) Бул редакция 2008-жылдын 1-январынан күчүнө кирди Командировкага жөнөтүлүүчү кызматчыларды социалдык жактан коргоомаксатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын аймагында командировкада болгон учурдаар бир күн үчүн суткалык чыгымдары 200 сом өлчөмүндө белгиленсин. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 19-августундагы N388 токтомунун, 2007-жылдын 14-сентябрындагы N 409 токтомунун редакция-ларына ылайык) 2. Турак жайды ижаралоо боюнча чыгымдарды ордуна келтирүү бул чы-гымдардын чындыгын ырастаган документтер менен, ал эми алар жок болгон-до - суткалык чыгымдардын нормасынын 50 процент өлчөмүндө ишке ашырыл-сын. 3. Чет өлкөдө кыска мөөнөттү командировкада жүргөн кызматкерлергечыгымдарын төлөп берүүнүн убактылуу нормалары N 1 тиркемеге ылайык бел-гиленсин. 1-тиркеме орусча редакцияда берилген 4. Командировкага барып-келүү чыгамдарын каржылоо, транспорттогужүргүнчүлөрдүн милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүкошуу менен иш жүзүндөгү чыгамдардын негизинде, бул чыгымдарды аныктоо-чу документтер боюнча жүргүзүлөт. Белети жок жол жүргөндөгү жол кире чыгымдары N 2 тиркемеге ылайыкжүргүзүлөт. 2-тиркеме орусча редакцияда берилген 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Чет өлкөгө жиберүлүүчү адамдарга чыгымдарды кайтаруу тартибижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 29-октябрындагы N528 токтому; - "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 29-октябрындагы N528 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 23-ноябрындагы N 577 токтому; - "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 21-июлундагы N 325 токтому; - "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-мартындагы N 125 токтому; - "Командировкалык чыгымдарды кайтаруу тартиби жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 22-мартындагы N 125 токтомунаөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 8-майындагы N 254 токтому. Премьер-министр К.Бакиев