Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-ноябры № 591
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2013-жылдын январь-сентябрь айларындагы жыйынтыгы жөнүндө
Республиканын экономикасынын тармактарын өнүктүрүүнүн 2013-жылдын январь-сентябрь айларындагы жыйынтыгын чыгаруу, 2013-жылда коюлган милдеттерге жетишүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин негизги багыттарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2013-жылдын январь-сентябрь айларындагы жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда аталган маалыматты министрликтин расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча) 2013-жылдын январь-сентябрь айларындагы социалдык-экономикалык абалдын маалыматтарынын негизинде социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2013-жылга карата максаттуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын жана 2013-жылга пландаштырылган салыктык, бажылык, камсыздандыруу жыйымдарын чогултуунун толуктугун камсыздоого багытталган кечиктирилгис чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен бирдикте:
- күздүк буудайдын жана күздүк арпанын үрөндүк материалын сабак баштыкчаларынын оорусуна каршы дарылоону уюштурууда жана дарылоодо дыйкан (фермер) чарбаларына иштиктүү жардам көрсөтүшсүн;
- тамак-аш жана иштетүүчү ишканалардын болжолдонгон көрсөткүчтөрдү аткарбагандыгынын себептерин эки апталык мөөнөттө изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- эки апталык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине алтын кендеринин иштетилишинин жана 2014-жылга карата капиталдык салымдардын көлөмүнүн региондор боюнча кеңири талдоосун берсин;
- кен казуу секторунда капиталдаштырууну көбөйтүү үчүн 2014-жылга карата кен казуу иштерине өтүнмөлөрдүн жана пландардын өз убагында каралышын камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги курулуштун бардык объекттерине бир айлык мөөнөттө инвентаризация жүргүзсүн жана натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жеке адамдар аргын кыймылдаткычтуу автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүшкөндө бажы алымдарынын жана салыктарынын бирдиктүү көлөмүн 50 пайызга азайтуу маселесин бир айлык мөөнөттө карасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизсин.
8. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2013-жылдын аягына чейин толук көлөмдө аткарууну камсыздашсын.
9. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу жана Иш-чаралар планынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |