Загрузка документа…
Дүң рыноктун катышуучуларынын электр энергиялары үчүн эсептешүүлөрүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 54, 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Электр энергияларынын керектөөчүлөрү (жеке адамдар жана юридикалык жактар) бөлүштүрүүчү компаниялар менен түзүлгөн келишимге ылайык энергиянын акысын акчаны атайын укуктуу банктагы транзиттик эсепке гана которуу менен төлөөгө милдетүү.
2. Керектөөчүлөр энергия үчүн акыны башка эсептерге, анын ичинде энергия берүүчүнүн эсебине которушкан учурда, алуучулар аны алгандан кийин үч күндүн ичинде ал акыны атайын укуктуу банктагы транзиттик эсепке которууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн каражаттар атайын укуктуу банктагы транзиттик эсепке которулбаган учурда алуучуга башка каражаттарды пайдалангандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк салынат. Үстөктүн салынышы акчаны атайын укуктуу банктагы транзиттик эсепке которуудан бошотпойт.
3. Электр энергияларынын керектөөчүлөрүнүн ашны бөлүштүрүүчү компаниялардын кассаларына акчалай төлөшүнө тыюу салынат. Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергияларын керектөөчүлөрдөн түшкөн каражаттарды инкассациялашкан учурда ушул Жобонун 2-пунктуна ылайык иштөөгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан белгиленген каражаттарды үлүштүк бөлүштүрүүгө ылайык атайын укуктуу банк акчаны транзиттик эсептен электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын эсебине күнүнө эки жолу которот:
- саат 10 го чейин - операциялык күндүн башталышына карата калган акча;
- саат 15 ке чейин - операциялык күндүн ичинде түшкөн акчалай каражаттар.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы N 54, 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын укуктуу банк керектөөчүлөр жана энергиянын дүң рыногунун катышуучулары менен электр энергиялары үчүн транзиттик эсеп аркылуу жүргүзүүчү эсептешүүлөрдүн тууралыгын текшерүү боюнча тышкы аудиторду аныктайт.
Тышкы аудит жылына 1 жолудан кем эмес өткөрүлөт.