Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы N 61 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2002-жылдын 25-майы N 335
Электр энергияларынын дүң рыногундагы эсептешүүлөрдүн тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын энергетика сектору кайра уюштурулганына байланыштуу электр энергиясынын дүң рыногунда эсептешүүлөрдү жөнгө салуу, энергетикалык коопсуздукту жана энергия системасынын туруктуу иштешин камсыздоо, республиканын эл чарбасын жана калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. РСК Банк" ачык акционердик коому электр энергиясынын дүң рыногунун катышуучулары менен эсептешүү жүргүзүү үчүн атайын укуктуу банк катары аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
2. РСК Банк" ачык акционердик коому электр энергияларын өндүрүүчүлөр, өткөрүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялар менен кийинки эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн электр энергияларын керектөөчүлөрдөн алынган каражаттарды (акыны) топтоо максатында аныкталган тартипте транзиттик эсеп ачсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Дүң рыноктун катышуучулары менен электр энергиясы үчүн эсептешүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Электр энергиясын ички керектөөчүлөрдөн атайын укуктуу банкка келип түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана электр энергиясын иштеп чыгаруучу, берүүчү жана бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда үлүштүк бөлүштүрүүнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 262 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
|
Н.Танаев |