Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 29-майы N 351
Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн Тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы N 21, 2014-жылдын 23-июнундагы № 347, 2017-жылдын 4-январындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жөнүндө" 2002-жылдын 24-январындагы Указын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тиркелген Тартиби бекитилсин.
2. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын колдонулушу туура келген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, башка мамлекеттик мекемелер жана уюмдар Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерин даярдоого конкурстук торуктарды өткөрүүдө ушул Тартипти жетекчиликке алышсын.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347. 2017-жылдын 4-январындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу | Н. Танаев |