Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 18-октябрындагы № 472 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2002-жылдын 10-июну № 367
"Областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын структурасы жана аппараттарынын штаттык сандары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-февралындагы № 47 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрациялардын структурасы жана аппараттарынын штаттык сандары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-февралындагы № 47 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- № 1 тиркеменин аталышындагы ", Жалал-Абад" деген сөз алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом ушул токтомго тиркемеге ылайык редакцияда "Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын аппаратынын структурасы" деген № 11 тиркеме менен толукталсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |