Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2002-жылдын 6-сентябры N 611
"А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык операжана балет театры" мамлекеттик мекемесинин Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин "А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театры жөнүндө" 2000-жылдын 14-сентябрындагы Указына ылайык бул театрга А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын статусу берилген. Бул театр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданий мурастарынын өзгөчө баалуу объектисине кире тургандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемесинин Уставы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте "А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемесинин Уставын кайра каттоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө сунуш киргизсин, ошондой эле өзүлөрүнүн нормативдик-укуктук актыларын аларга ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-сентябрындагы N 611 токтому менен бекитилген |
"А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемесинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Аталышы, юридикалык дареги, юридикадык статусу жана иш мөөнөтү
1.1. "А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - театр) өз алдынча юридикалык жак - театр жана музыка искусствосу тармагында профессионалдык иш-аракет жүргүзүүчү коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
1.2. Театр Кыргыз мамлекеттик театры катарында 1930-жылдын 7-ноябрында негизделген, ал эми 1936-жылдан тартып - Кыргыз музыкалык-драмалык театры, 1942-жылдын 17-августунда Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театры болуп түзүлүп, ага 1959-жылдын 24-мартында театр искусствосун өнүктүрүү үчүн "Академиялык" деген ардактуу наам ыйгарылган, 1978-жылдан бери композитор, СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин ысымын алып жүрөт.
1.3. Театр СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 7-июнундагы Указы менен театралдык жана музыкалык маданиятты өнүктүрүүдөгү жана улуттук көркөм өнөр кадрларын даярдоодогу көрүнүктүү эмгеги үчүн Ленин ордени менен сыйланган, ал Кыргыз Республикасынын элдеринин маданий мурасынын өзгөчө баалуу объекти болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз мамлекеттик А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры жөнүндө" 2000-жылдын 14-сентябрындагы Указына ылайык "Улуттук" деген статуска ээ.
1.4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү театрдын уюштуруучусу функциясын ишке ашыруу менен анын иш-аракетинин укуктук жана материалдык-техникалык шартын, маданий дөөлөттөрдү, театрдын коллекциялары менен фондун кошо алганда ага бекитилип берилген мүлктүн сакталышын, бүтүндүгүн жана бөлүнбөстүгүн камсыз кылат.
1.5. Ушул Устав менен өзүнчө аныкталган театрдын уюштуруучусун маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат, театр анын карамагында турат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Театрдын шарттуу мүлкү, сметасы ушул Уставда каралган иш-аракеттерди жүргүзүүдөн түшкөн кирешеси эсептелүүчү өзүнчө балансы жана ушул кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлкү, кредиттик уюмдарда расчеттук жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана өз аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле анын иш-аракети үчүн зарыл болгон мөөрү жана штамптары, бланктары, өзүнүн символикасы болот.
1.7. Театр өз ишинде Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка нормативдик-укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
1.8. Уюштуруу-укуктук формасы боюнча театр оперативдүү башкаруу укугундагы мамлекеттик мекеме болуп саналат.
1.9. Театр өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укукту сатып алат жана жүзөгө ашырат, жоопкерчилик тартат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат.
1.10. Театр өзүнүн карамагындагы акча каражаттары менен өз милдеттенмелерине жооп берет. Театрдын милдеттенмелери боюнча алардын субсидиялык жоопкерчилиги жетишпеси, аны мүлктүн ээси тартат.
1.11. Театр "А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын" укугун улантуучу болуп саналат.
1.12. Театрдын толук аталышы:
1.12.1. Кыргыз тилинде - "А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры" мамлекеттик мекемеси, кыскартылган аталышы - "Кыргыз опера жана балет театры";
1.12.2. Орус тилинде - Государственное учреждение "Кыргызский национальный ордена В.И.Ленина академический театр оперы и балета имени А.Малдыбаева", (КМАКНАТОБ им.А.Малдыбаева), кыскартылган аталышы - "Кыргызский театр опера и балета".
1.13. Театрдын белгиленген тартипте каттоодон өткөн "Малдыбаев" ("Маldybaev") товардык белгиси бар, аны Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө коммерциялык колдонуу укугуна ээ.
1.14. Чет өлкөлөрдө иш жүргүзүү мезгилинде театрдын структуралык подразделениеси "Малдыбаев" ("Малдыбаев - балет", "Малдыбаев - опера", "Малдыбаев - оркестр" ж.б.) деген сөздөрдү колдонуу менен, же болбосо театрдын толук же кыскартылган аты менен аталат ("А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балети" же "Кыргыз опера жана балет театрынын оркестри" ж.б.).
1.15. Театрдын юридикалык дареги: 720000, Бишкек шаары, Юсуп Абдрахманов, 167.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
1.16. Театрдын оперативдик башкаруусунда анын алдында түзүлгөн, жаш аткаруучуларды даярдоочу ошол эле юридикалык даректеги, ошондой эле көмөкчү курулуштары - өндүрүштүк-театралдык мастерскою бар "Опералык-хор студиясы" орто атайын окуу жайы бар, анын иши өзүнүн жобосу менен жөнгө салынат.
1.17. Театрдын көмөкчү курулушунун - өндүрүштүк-театралдык мастерскоюунун почта дареги: 720021, Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү, 64.
2. Театрдын иш-аракетинин максаттары жана милдеттери
2.1. Театрдын иш-аракетинин максаттары жана негизги милдеттери музыкалык-театралдык жана хореографиялык искусство чыгармаларын түзүү жана көрсөтүү, бүткүл дүйнөлүк улуттук маданий дөөлөттөрдү сактоо жана өнүктүрүү, Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө көрүүчүлөрдүн аудиторияларына алып чыгуу, профессионалдык чеберчиликтин өсүшүнө жана театрдын артисттик мектебинин жолун улантуу үчүн шарт түзүү болуп саналат.
2.2. Алдыдагы милдеттерди аткаруу үчүн театр:
- өз иш-аракетинин көркөмдүк жана чыгармачылык багыттарын, репертуарын көз карандысыз тандайт, спектаклдерди жалпыга аткаруу, рекламалык материалдарды жарыялоо жөнүндө өз алдынча чечим кабыл алат;
- алар түзгөн спектаклди пайдалануунун түрүн тандоону, башка театрларга, юридикалык жактарга жана жеке адамдарга ал спектаклди коюу укугун берүүнүн, телерадиодо көрсөтүүнү магниттик, кино-видеоаудиого тартууну жана жазууну, аларды көбөйтүүнү, сатууну, таратууну жана авторлордун жана башка адамдардын укуктарын сактоо шарты менен көчүрмөсүн алууга уруксат берүүнүн, спектакл түзүүдө колдонулган интеллектуалдык менчик объекттерин тандоону ишке ашырат;
- иш-аракетин өз алдынча пландаштырат жана өнүгүү келечектерин аныктайт;
- келишимдик негиздерде интеллектуалдык менчик объекттерин пайдаланат;
- өз аталышын, символикасын, көркөм жана маданий баалуулуктардын алардын жыйнактарындагы, коллекциялары менен фондуларындагы репродукцияларды рекламалык максаттарды пайдаланат, ошондой эле келишимдик негизде башка юридикалык жактарга жана жеке адамдарга пайдаланууга уруксат берет;
- чыгармачылык кароолорду, конкурстарды жана башка иш-чараларды уюштурат, өткөрөт, ошондой эле башка уюштуруучулар өткөргөндөргө өзүлөрү катышат;
- белгиленген тартипте басма ишин жүргүзөт;
- конкурстук негизде, анын ичинде чыгармачыл кызматкерлерди конкурстук тандоо аркылуу артисттик труппаларды өз алдынча түзөт;
- билеттерди, кызмат көрсөтүүлөрдү жана театрдын басма продукцияларын сатуу тартибин өз алдынча аныктайт, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача аныкталбаса, аларга баа коет;
- юридикалык жактар жана жеке адамдар менен келишимдерди түзөт;
- иш-аракетин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон мүлктү белгиленген тартипте сатып алат же ижаралайт;
- театр ээлеп турган имараттар менен курулуштарды күтүүнүн жана пайдалануунун зарыл режимин камсыз кылат, өрт коопсуздугуна каршы чараларды көрөт, бул имараттар менен курулуштарды реставрациялоо жана реконструкциялоо программаларын иштеп чыгууну уюштурат.
3. Театрдын укуктары жана милдеттери
3.1. Театр төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнчө подразделение (филиалдар, өкүлчүлүк) түзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө ассоциацияларды, союздарды, коомдорду, фондуларды жана башка уюмдарды уюштурууга жана анын ишине катышууга;
- белгиленген тартипте көрүүчүлөрдүн келиш режимин жана театрдын баалуулуктарын жана мүлкүн коргоо тартиби аныктоого, ошондой эле көрүүчүлөрдүн келиши жана белгиленген иш режимин камсыз кылуу, театрдын маданий баалуулуктарын жана мүлкүн коргоону камсыз кылуу үчүн атайын коопсуздук кызматтарын түзүүгө.
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык анын ыкчам башкаруусунда турган кыймылсыз мүлктү, ошондой эле жабдууларды жана инвентарларды убактылуу пайдаланууга берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Театр төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу жана мобилизациялык даярдык көрүү боюнча мамлекеттик иш-чараларды аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңешинин буйругу боюнча театрдын имаратында акысыз негизде мамлекеттик жана коомдук уюмдардын иш-чараларынын өткөрүшүн камсыз кылууга.
- маданий оюн-зоок иш-чаралар өткөрүлүп жаткан учурда коопсуздук эрежелерин сактоого, санитардык-гигиеналык ченемдерди жана театр көрүүчүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо боюнча коюлган талаптардын сакталышын камсыз кылууга;
- салыктарды төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- кызматкерлерге өз убагында жана толук көлөмдө эмгек акы төлөөгө жана мыйзамдарда белгиленген башка төлөмдөрдү берүүгө;
- бекитилип берилген мүлктүн сакталышын, аны натыйжалуу, сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
- театрдын финансы-чарбалык иштерине аудит жүргүзүлүп жатканда ыйгарым укуктуу органдардын суроо-талабы боюнча зарыл болгон документтерди берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Театрдын башкаруу органы, театрдын башкы директору
4.1. Театрдын ишин маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган багыттайт жана координациялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4.2. Театрдын башкы директору маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча же мындай сунушсуз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.4. Театрдын ишине жалпы жетекчиликти башкы директор жүргүзөт.
4.5. Башкы директор кадр, финансылык-чарбалык жана башка иш-аракеттер боюнча бардык маселелерди өз алдынча чечет.
4.6. Башкы директордун орун басарлары, көркөм жетекчи, башкы бухгалтер башкы директордун сунушу боюнча маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана андан бошотулат.
Директор жок учурда анын милдеттерин орун басарлардын бири аткарат (директор бекиткен орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык).
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.7. Башкы директордун орун басарларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, эмгекке акы төлөө жана материалдык жактан стимулдоо, аларды ишке дайындоо жөнүндө чечимдин негизинде театр менен алардын ортосунда түзүлгөн келишимде (контрактта) аныкталышы мүмкүн.
4.8. Башкы директордун ыйгарым укуктары:
- театрдын иш-аракеттерине жетекчиликти жүргүзөт;
- театрдын атынан ишеним катсыз аракеттенет, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өз ара мамилелерде анын таламдарын көрсөтөт;
- бардык финансылык, банктык, уюштуруу-тескөөчү, чарбалык документтерге кол коюунун бирден-бир өзгөчө укугуна жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү чөгөрүлгөн мөөрүн сактоого укуктуу;
- белгиленген тартипте театрдын мүлкүн жана акча каражаттарын тескейт;
- театрдын атынан келишимдерди түзөт, ишеним кат берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди жүргүзөт;
- театрдын уюштуруу структурасын жана кызмат орундарынын тизмесин түзүүгө өз алдынча катышат, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизет, кийин аны бекитет;
- кызматкерлерди ишке дайындайт жана бошотот, алардын милдеттерин аныктайт, алар менен эмгек келишимдерин (контракттарды) түзөт;
- түзүлгөн репертуарды бекитүү, ролдорду бөлүштүрүү жана спектаклдерди аткаруучулардын курамын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- жоболорду жана нускамаларды бекитет, театрдын бардык кызматкерлеринин аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык театрдын кызматкерлерине карата колдоо көрсөтүү жана дисциплинардык таасир этүү чараларын колдонот;
- театрдын имаратына ремонттоо, реставрациялоо жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү камсыз кылат;
- театрдын башка финансылык-чарбалык иштеринин маселелерин чечет;
- театрдын иши үчүн тийиштүү уюштуруу-техникалык шарттарды камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
- контракттын шарттарына жана өзүнүн функционалдык милдеттерине ылайык башка милдеттерди аткарат.
4.9. Башкы директордун бардык орун басарларынын жана башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктары түзүлгөн эмгек келишимдерине (контракт) жана бул кызматкерлердин функционалдык милдеттери жөнүндө жобого ылайык башкы директор тарабынан аныкталат.
5. Театрдын финансылык-чарбалык иш-аракети жана мүлкү
5.1. Ушул Устав менен каралган иш-аракетти жүзөгө ашыруу үчүн театр мыйзамда белгиленген чектерде ээлик кылуу, анын оперативдик башкаруусунда болгон мүлктөрдү пайдалануу жана тескөө укугун жүргүзөт:
- оперативдүү башкарууга аларга белгиленген тартипте бекитилип берилген;
- өзүлөрүнүн финансы каражаттарынын, анын ичинде ушул Уставда каралган иштерди жүргүзүүдөн алынган кирешелердин эсебинен сатып алынган;
- белек кылуу, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын кайрымдуулуктары түрүндө, мурас, келишим боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздерде алынган;
- бюджеттик ассигнованиелер жана республикалык бюджеттен түшкөн башка каражаттар түрүндө;
- бюджеттен тышкаркы каражаттар түрүндө;
- амортизациялык чегерүүлөр түрүндө;
- гранттар жана башка заемдук гранттар түрүндө.
5.2. Театрдын менчик формасын өзгөртүүгө же болбосо кайра профилдештирүүгө жол берилбейт.
5.3. Театрдын имараты, курулмалары, маданий дөөлөттөрүнүн, коллекцияларынын, фонддорунун жана башка мүлктөрүнүн ыйындысы кандайдыр бир ажыратууга же күрөөгө берилүүгө тийиш эмес.
5.4. Мүлктү оперативдүү башкаруу укугун ишке ашырууда театр төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мүлктүн сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын максаттуу багыты боюнча гана камсыз кылууга;
- мүлктүн техникалык абалынын начарлап кетишине жол бербөөгө;
- мүлктү учурдагы жана капиталдык оңдоо жүргүзүүгө, мында мүлктү ар кандай өндүрүштүк жакшыртуу калыбына келтирүүгө жатпайт;
5.5. Театрдын оперативдүү башкаруусундагы мүлктүн пайдаланылышын контролдоону маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
5.6. Театр өзүнүн иштерин жүзөгө ашыруу максатында анын оперативдүү башкаруусунда турган кыймылсыз мүлктү маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ижарага бере алат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
5.7. Театр финансы-чарбалык иштерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына, маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
Театр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык иштердин натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат.
Театрды каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын эсептин каражаттарынын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
5.8. Театр өзүнүн бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарын, анын ичинде маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен сметанын чектеринде театрдын кызматкерлеринин эмгек акысына, материалдык стимулдоого жумшалуучу алардын үлүшүн пайдалануу багытын жана тартибин өз алдынча аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
5.9. Театр финансылык-чарбалык ишти өз алдынча жүргүзөт. Театрга тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бекитилип берилген же анын менчиги болуп саналган финансылык жана материалдык каражаттар ушул Уставга ылайык алардын каалоосу боюнча пайдаланылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса алып коюлбайт.
5.10. Театр андагы эмгек акыга төлөнүүчү каражаттардын чегинде кошумча төлөөлөрдүн жана үстөктөрдүн, сыйлыктардын жана башка дем берүү мүнөзүндөгү төлөмдөрдүн өлчөмүн белгиленген тартипте өз алдынча аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эсеп, отчеттуулук жана контроль
6.1. Театр белгиленген тартипте:
- өзүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иштерин контролдойт;
- театр жыл сайын белгиленген мөөнөттө финансы-чарбалык иштери жөнүндө маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчет берип турат.
Театрдын ишинин аудити "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
6.2. Театрдын иш-аракетине жалпы контролдукту жана көзөмөлдүктү тиешелүү мамлекеттик органдар өз компетенцияларынын чектеринде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
7. Театрды жоюу
7.1. Театрды жоюу жана кайра уюштуруу уюштуруучунун чечими же соттун чечими, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
7.2. Театрдын иш-аракетин кайра уюштуруу аркылуу токтотууда өзгөртүлүп кайра түзүлгөн театрдын укуктары менен милдеттерин улантуу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 93-статьясына ылайык жүргүзүлөт.
7.3. Жоюу комиссиясы дайындалган күндөн тартып театрды башкаруу боюнча укук ага өтөт. Жоюу комиссиясы жоюу балансын түзөт жана аны уюштуруучуга берет.
7.4. Кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан жана театрды жоюу аяктагандан кийин калган театрдын мүлкү жана акча каражаты жоюу комиссиясы тарабынан маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
7.5. Көрсөтүлгөн мүлктү жана акча каражаттарын колдонуу тартиби уюштуруучу тарабынан аныкталат.
7.6. Театрды юридикалык жактардын Мамлекеттик реестринен чыгарган күндөн тартып театрды жоюу аяктады деп эсептелет, ал эми театр аны өз ишин токтотот.
7.7. Театрды жойгондо же кайра уюштурганда иштен бошогон кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын укуктары менен таламдарын сактоо гарантияланат.
7.8. Театрды кайра уюштурууда анын уставына жана юридикалык жактардын Мамлекеттик реестрине зарыл өзгөртүү киргизилет. Кайра уюштуруу театрдын укуктары менен милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын укугун улантуучусуна (укук улантуучуларына) өтүшүн камтыйт.
7.9. Театр иш-аракетин токтоткондо бардык документтер (башкаруу, финансылык-чарбалык, жеке курам боюнча ж.б.) белгиленген тартипте укугун улантуучусуна (укук улантуучуларына) өткөрүлүп берилет. Укугун улантуучу жок болсо илимий-тарыхый мааниси бар туруктуу сакталуучу документтер мамлекеттик архивдеги мамлекеттик сактоого өткөрүлүп берилет. Жекече курам боюнча документтер (буйруктар, өздүк дело ж.б.) маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивине өткөрүлөт. Документтерди өткөрүп берүү жана иретке келтирүү архив органдарынын талаптарына ылайык анын каражаттарынын эсебинен театрдын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205 токтомунун редакциясына ылайык)