Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VII – чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 11-июну № 7
Айыл өкмөтүнүн Уставына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн Уставына толуктоолорду өзгөртүүлөрдү, киргизүү жөнүндө Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Жакыбалиевтин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн Уставы толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Жергиликтүү жамааттын Уставынын аткарылышын жамааттарга жеткирүү жана аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Жакыбалиевке тапшырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Султанов |