Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VII – чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 11-июну № 8
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Айдаров Артыкбайдын билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы токтом кылат:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин:
-Аппараттык башкаруу бөлүмүнө каралган «3111-имараттар жана курулуштар» беренесинин эсебинен -729,0 миң сом азайтылсын.
Жогорудагы азайтылган 729,0 мин сом акча каражаты төмөнкү бөлүмдүн жетишпеген статьяларына толукталып, өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин II кварталынын сметасынын - Орто мектептер бөлүмүнүн «3111-имараттар жана курулуштар» беренесине 729,0 миң сом толукталып өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Султанов |