Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2020-жылдын 3-февралы № 6
«Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» мекемесин түзүү жөнүндө
Жергиликтүү ѳз алдынчы башкарууда укук бузуулардын алдын алуу боюнча жарандардын, коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу, жарандардын коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрѳшүү максатында жана Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулардын алдын алуу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 18-беренесинин 1 пунктунун 17-пунктчасынын негизинде Кыштут айылдык кеңешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып Кыштут Айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» Мекемеси-муниципалдык менчиктеги коммерциялык эмес түрдѳгү юридикалык жакты түзүлсүн.
2. Юридикалык жактын толук аталышы:
-мамлекеттик тилде: «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» мекемеси;
-расмий тилде: Учреждение «Общественно-профилактический центр Кыштутского айылного аймака»;
-коммерциялык эмес уюмдун кыскача аталышы:
-мамлекеттик тилде: «Кыштут АА КААБ» м-и;
-расмий тилде: У-е «ОПЦ Кыштутского АА»;
3. «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» Мекемесинин уюштуруучусу – Кыштут айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү, жайгашкан дареги: Баткен облусу, Баткен району, Таян айылы, борбордук кѳчѳсү №1 аныкталсын.
4. «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» Мекемесинин юридикалык дареги: Баткен облусу, Баткен району, Таян айылы, борбордук кѳчѳсү №1 аныкталсын.
5. «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» мекемесинин уставы бекитилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышы «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» мекемесинин тѳрагасына жүктѳлсүн.
7. Талап кылынуучу чыгымдарды Кыштут айыл ѳкмѳтү ѳз бюджетинен камсыздап берсин.
8. «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» мекемесинин кеңешмесинин курамы түзүлсүн:
1) Тѳрагасы – Айдаров Нуридин Примович - айылдык кеңештин депутаты;
2) Тѳраганын орун басары – Матраимов Галыбай, аксакалдар сотунун тѳрагасы;
3) Катчысы – Эргешов Азамат Жолбаевич, жаштар кеңешинин тѳрагасы;
Мүчѳлѳрү:
4) Токтоматов Абсейит – аксакалдар кеңешинин тѳрагасы;
5) Зикиров Асан Шакирович – айылдык кеңештин депутаты;
6) Матраимова Темиржан – аялдар кеңешинин тѳрайымы;
7) Аймактык инспектор (макулдугу менен);
8) Досболов Анарбек - соцкызматкер;
9) Маматбеков Мамадали Ашымович – айылдык кеңештин депутаты;
10) «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» мекемесинин» «ревизорунун» милдети – Сабиров Байышбек Эсенович МКТ боюнча адиси;
11) «Кыштут айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борбору» мекемесинин Баткен облусунун Юстиция башкармалыгында мамлекеттик каттоодон ѳткѳрүү милдети жүктѳлсүн.
Кыштут айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин төрагасы |
А. Зикиров |