Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 1
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебинде 2020-жылдан калган калдыктын эсебинен 2021-жылдын бюджетине кошумча смета киргизүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебинде 2020-жылдан калган калдыктын эсебинен 2021-жылдын бюджетинин I кварталынын чыгаша бөлүгүнө кошумча смета киргизүү максатында Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы:
Токтом кылат:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылдан калган 3283,1 миң сом калдык 2021-жылдын аппарат бөлүмүнүн чыгаша бөлүгүнүн I кварталынын 2222 «түрдүү материалдарды жана буюмдарды алуу» беренесине 783,1 миң сом, 3111 «имараттар жана курулуштар» беренесине 2500,0 миң сом бөлүнүп иштетилсин .
2. Кыштут айыл өкмөтүнүн бюджетинин аппарат бөлүмүнүн атайын каражаттар эсебинен 2020-жылдан калган 60,5 миң сом калдык, 2021-жылдын чыгаша бөлүгүнүн I кварталынын 3111 «имараттар жана курулуштар» беренесине 60,5 миң сом бөлүнүп иштетилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономика, финансы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Айбашов |