Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 2
Кесек-Таш участкасында Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп бүткөрүлгөн суу насосту Баткен райондук суу чарба башкармалыгына балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кесек-Таш участкасында Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп бүткөрүлгөн суу насосту Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевтин билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кесек-Таш участкасында Республикалык бюджеттин эсебинен курулуп бүткөрүлгөн суу насосту Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Айбашов |