Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 4
Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерге 2021-жыл үчүн зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерге 2021-жыл үчүн зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн салык инспектору А.Эргешовдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытында эмес жерлерге 2021-жыл үчүн зоналдык коэффициентин КЗ 0,6 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Айдаровко милдеттендирилсин.
Төрага | А. Айбашов |