Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 6
Кыштут айыл аймагынын Жайыт Комитетинин 2021-жылга карата бюджетин жана жайыт акыга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын Жайыт Комитетинин 2021-жылга карата бюджетин жана жайыт акыга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Маматисак уулу Бекмурзанын билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн Жайыт Комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык «Жайыттарды башкаруу жана мал чарбасын өнүтүрүү боюнча коомчулуктун планы», 2021-жылга финансылык планы жана бюджетинин киреше бөлүгү 256156 сом чыгаша бөлүгү 256156 сомго бекитилсин.
2. Жайыт Комитетинин жайыт акысы мал башына бир жылга ири мүйүздүү малдарга 120 сом (айына 10 сомдон), кой эчкилерге 24 сом (айына 2 сомдон), жылкыларга 150 сом эсебинде бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык Кеңешинин экономика, каржы жана бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Айбашов |