Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2021-жылдын 3-февралы № 10
Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кыштыт айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени КР Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы токтом кылат:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө, Баткен райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кыштут айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы А. Эркебаевке жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Айбашов |