Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2020-жылдын 24-декабры № 2
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылгы карата жергиликтүү бюджетин жана 2022-2023-жылдарга түзүлгөн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Н.Айдаровтун 2021-жылгы карата жергиликтүү бюджетин жана 2022-2023-жылдарга түзүлгөн бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө билдируусүн угуп жана кеӊири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы:
Токтом кылат:
1. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга түзүлгөн бюджетинин кирешелери боюнча 17 743,2 миӊ сом, чыгашалар боюнча 17 743,2 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин
2. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору киреше бөлүгү боюнча 17 876,6 миӊ сом, чыгаша бөлүгү боюнча 17 876,2 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Кыштут айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору киреше бөлүгү боюнча 18 076,0 миӊ сом, чыгаша бөлүгү боюнча 18 076,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин каржы, экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | А. Айбашов |