Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык Кенешинин VII – чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 23-августу № 11
Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Кыштут айылынын Кыштут дарыясына чакан гидроэлектростанциясын курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысына А.Калпаевтин жазган арызынын негизинде 2021-жылдын 2-августундагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысынын чыгыш номери 04-27/240 катын карап чыгып. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 92-беренесине таянып Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сесеиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнүн Кыштут айылындагы Кыштут дарыясынын Ак-Сай участкасынын 2км аралыгына чакан гидроэлектростанциясын курууга жеке ишкер А.Калпаевке макулдук берилсин.
2. А.Калпаев тарабынан курулуучу чакан гидроэлектростанциясын курууга атайын токтом кабыл алуу учун тиешелүү иш кагаздарын даярдап мыйзам чегинде иш алый баруу жагы Кыштут айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токой чарбасынын балансында турган жер аянты Баткен райондук токой чарбасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрөгасы А.Астанакуловко жүктөлсүн.
Төрага | С. Султанов |