Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылыш ХХXII сессиясы
2020-жылдын 29-июлу № 32/2
Көтөрмө айыл аймагынын Көтөрмө айылынын эгин талааларга суу келүүчү арыкты реконструкциялоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл аймагынын Көтөрмө айылынын эгин талааларына суу келүүчү арыкты реконструкциялоо жана суунун көлөмүн көбөйтүү иштери аткарылсын.
2. Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго ар тараптан жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунан 850 000 (сегиз жүз элүү миң) сом акча каражаты суралсын.
3. Көтөрмө айылынын эгин талааларына суу келүүчү арыкты реконструкциялоо жана суунун көлөмүн көбөйтүү жумуштарына Көтөрмө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 157 000 ( бир жүз элүү жети миң) сом ажыратылып өздүк салым катары берилсин.
4. Көтөрмө айылынын эгин талааларына суу келүүчү арыкты реконструкциялоо жана суунун көлөмүн көбөйтүү жумуштарына элдин салымы 565 719,0 (беш жүз алтымыш беш миң жети жүз он тогуз) сом каралсын.
5. Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго тиешелүү кагаздарды даярдоо айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси Д.Сатыбалдиевге тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Айтмат уулу Акжол |