Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылыш ХХXV сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 35/6
Көтөрмө айыл аймагындагы жашоочулардын малдарынын жайытка төлөнүүчү акыларын тартипке келтирүү жана бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагындагы жашоочулардын малдарынын жайытка төлөнүүчү акылары тартипке келтирилсин жана төмөндөгүдөй баалар бекитилсин.
Кара малга 150 сом
Музоого 90 сом
Жылкыга 200 сом
Топозго 200 сом
Кой, эчкиге 60 сом
2. Ушул бекитилген баалар 1 жылга аткарууга бекитилсин.
3. Ушул токтомдун ткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Мамаюсупов Нурланга жана атайын туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Айтмат уулу Акжол |