Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылыш ХХXV сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 35/7
Көтөрмө айыл аймагына башка айыл аймактарынан келген малдардын жайытка төлөнүүчү акысын бекитүү жана тартипке келтирүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кенешитин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көтөрмө айыл аймагына башка айыл аймактарынан келген малдардын жайытка төлөнүүчү акысы төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин жана тартипке келтирилсин.
Кара малга 400 сом
Жылкыга 500 сом
Кой, эчкиге 100 сом
2. Ушул бекитилген баалар 2021- жылга аткарууга бекитилсин.
3. Башка айыл аймактардан келген малдар алыскы жайыттарга 1-июндан баштап киргизиле баштасын жана 1- сентябрына чейин чыгарылсын.
4. Белгиленген убакытка чейин сырттан малдарды кабыл алган адамга 500 сом айып пулу салынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Мамаюсупов Нурланга жана туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Айтмат уулу Акжол |