Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш VII сессиясы
2021-жылдын 22-июлу № 7/3
Көтөрмө айыл аймагында иш жүргүзүүчү лицензиялык участкаларынын ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги 3-маселени карап чыгып Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. “Джи Йю” жоопкерчилиги чектелген тоо-кен өндүрүү компаниясы менен жаңы келишимди түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тутуму айылдык кеңештин депутаттарынан жана айыл өкмөтүнүн жетекчилеринен турган биргешелкен убактылуу комиссияны түзүү Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы А. Бактыбаевге тапшырылсын.
2. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүргүзүүчү Жоопкерчилиги чектелген «Kastle (Касл)» компаниясы тарабынан айыл өкмөтүнө лицензияга жана Кара-Шоро айылына жардам катары төлөнүүчү төлөмдөрдү өз убагында Көтөрмө айыл өкмөтүнүн эсебине түшүрүлүп берилсин.
3. Убактылуу комиссия түзүлүп «Kastle (Касл)» компаниясында иштеп жаткан жергиликтүү тургундардын эмгек келишиминин негизинде иштеши, социалдык жактан корголушу ошондой эле «Kastle (Касл)» компаниясынын Орозбеков айыл өкмөтүнүн эсебине социалдык пакет үчүн төлөгөн акча каражатынын мыйзамдуулугу каралсын.
Комиссиянын курамына:
1. Төрага – Көтөрмө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С. Курмушуев.
2. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн соцадиси Н.Имаралиева
3. Этика жана мыйзамдуулук,адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Кочкоров.
4. Турак жай жана коммуналдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Кошбаев
5. №8123 Шайлоо округунун депутаты А. Эгембердиев киргизилсин.
4. Жоопкерчилиги чектелген «Kastle (Касл)» компаниясы Көтөрмө айылдык кеңешине ишмердүүлүгү боюнча квартал сайын электрондук түрдө отчет берип турсун.
5. “Джи Йю” жоопкерчилиги чектелген тоо-кен өндүрүү жана жоопкерчилиги чектелген “Каstle (Касл)” компаниясы тарабынан бюджетке түшкөн акча каражатын максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануу жагы ФЭБ нүн башчысы А. Тажибаевагв жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Этика жана мыйзамдуулук, адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Бактыбаев |