Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш IV сессиясы
2021-жылдын 14-июну № 4/2
Айыл ичинде жүргөн малдарга чара көрүү жана алыскы жайыттарга чыгаруу, жайыт акысын төлөө жөнүндө
Күн тартибиндеги 2-маселени карап чыгып, Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл аймагында кароосуз айдалган малдар (кой, эчки, уй, торпок, топоз, жылкы, кулун) орто, алыскы жана жакынкы жайыттарга чыгарылсын жана жайыт акысы төлөнсүн.
2. Көтөрмө айыл аймагындагы бардык тургундарга 1-июндан малдарыны алыскы жайыттарга чыгаруу милдеттендирилсин.
3. Көтөрмө айыл аймагындагы кароосуз бош жүргөн малдардын ээлерине айыл башчылары, жайыт комитети жана аймактык тескөөчү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Көтөрмө айыл аймагында бош жүргөн, кароосуз калган кара малга, жылкы, кой-эчкиге мыйзам чегинде айып пул салынсын
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелери жана этика, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары: |
Н. Алимова |