Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш V сессиясы
2021-жылдын 16-июну № 5/2
Көтөрмө айыл аймагына караштуу Лангар айылында жайгашкан Кадамжай кооперативине таандык “Хлебзавод” обөектисинин сатыкка коюлушу боюнча элден түшкөн арызды кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги 2-маселени карап, талкуулап Көтөрмө айылдык Кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Кадамжай райондук САКБ нүн башчысы А, С. Мурзахалиловго Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаттарынын атынан Көтөрмө айыл аймагындагы Кадамжай кооперативине таандык “Хлебзавод” обөектиси жайгашкан жер аянтын сатуу боюнча өткөрүлө турган аукционду токтото туруусун суранып кайрылуу кат жиберилсин.
2. «Кадастр мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын башчысы А. Миталиповго Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаттарынын атынан нан завод жайгашкан жер аянты тууралуу маалымат берүүсүн жана кыймылсыз мүлк тууралуу эч кандай иш аракет жасабай туруусу сураган кат жөнөтүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Сессиянын төрайымы: | Н. Алимова |