Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш VI сессиясы
2021-жылдын 23-июну № 6/1
Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын “Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү” №3 протоколун бекитүү жөнүндө
Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп, Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 23-июнь 2021-жылдагы “Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү“ №3 протоколу бекитилсин.
2. Көтөрмө айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп Бактыбаев Абдувахид Улукбекович шайланды деп эсептелсин.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басары: |
Н. Алимова |