Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын V сессиясы
2021-жылдын 3-сентябры № 5/1
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин статьяларындагы акча каражатын башка статьяларга жылыштыруу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жумакадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3112 статьясынын 31113390 элементиндеги 1 230,5 (бир миллион эки жүз отуз миң беш жүз) сом акча каражаты төмөндөгү статьяларга которулсун:
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2111 статьясына 9,3 (тогуз миң үч жүз) сом айылдык Кеңештин төрагасынын айлык акысына;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2121 статьясына 1,6 (бир миң алты жүз) сом айылдык Кеңештин төрагасынын айлык акысынын соцфондусуна;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 статьясынын 22154900 элементине 18,0 (он сегиз миң) сом Аксакалдар сотунун төрагасынын айлык акысына;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 статьясынын 22154900 элементине 188,8 (бир жүз сексен сегиз миң сегиз жүз) сом ат баккандарга кызмат көрсөтүүгө;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 статьясынын 22154900 элементине 100,0 (жүз миң) сом район боюнча улак оюнун өткөрүүгө;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 статьясынын 22154900 элементине 319,4 (үч жүз он тогуз миң төрт жүз) сом ген план жазатуу үчүн топосьемка жазатууга;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2215 статьясынын 22154900 элементине 38,0 (отуз сегиз миң) сом маданий иш чара өткөрүүгө;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2221 статьясынын 22211100 элементине 200,0 (эки жүз миң) сом Кубанычбек уулу Эсентур атындагы паркты уюштурууга;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2221 статьясынын 22211100 элементине 25 350 (жыйырма беш миң үч жүз элүү ) сом Маданият үйүнө суу киргизүүгө;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2221 статьясынын 22211100 элементине 30,0 (отуз миң) сом таза суу трассасынын үстүн жабууга;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2221 статьясынын 22211100 элементине 200,0 (эки жүз миң) сом өздүк салым үчүн;
- Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3111 статьясынын 31113390 элементине 100,0 (жүз миң) сом “Өмүкө” каналына көпүрө салууга;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |