Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын V сессиясы
2021-жылдын 3-сентябры № 5/3
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин статьяларындагы акча каражатын башка статьяларга жылыштыруу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жумакадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 2211 статьясынын 22111100 элементинен 20,0 (жыйырма миң) сомду акча каражатын 2211 статьясынын 22111200 элементине жылдырылсын;
2. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынын 22154900 элементинен 5,0 (беш миң) сомду акча каражатын 2215 статьясынын 22154300 элементине жылдырылсын;
3. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынын 22154900 элементинен 650,2 (алты жүз элүү миң эки жүз) сомду акча каражатын 2221 статьясынын 22211100 элементине жылдырылсын;
4. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70111 бөлүгүнүн 2222 статьясынын 22221200 элементинен 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сомду акча каражатын 2215 статьясынын 22154900 элементине таза суунун ишин жакшырууга жылдырылсын;
5. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70911 бөлүгүнүн 2221 статьясындагы 70,0 (жетимиш миң) сомду акча каражаты бала бакчанын эски имаратынын электр чубалгыларын жаңыртууга калтырылсын;
6. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70911 бөлүгүнүн 3112 статьясындагы 100,0 (бир жүз миң) сомду акча каражаты 2221 статьясынын 22211100 элементине бала бакчанын эски имаратынын электр чубалгыларын жаңыртууга которулсун;
7. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70921 бөлүгүнүн 2231 статьясындагы электр энергиясынан үнөм болгон 347,2 (үч жүз кырк жети миң эки жүз) сом акча каражатынын ичинен 2218 статьясынын 22181100 элементине тамак аш алууга 106,8 (бир жүз алты миң сегиз жүз) сом жылдырылып берилсин;
8. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
9. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын
10. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz aimak. kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |