Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын V сессиясы
2021-жылдын 3-сентябры № 5/4
Ак-Муз айыл аймагынын С.Исраилов атындагы бала бакчага род. взнос бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын С.Исраилов атындагы бала бакчасынын 2021-2022 билим берүү жана балдарды багуу жылына тамак үчүн ата-энелерден алынуучу акынын тарифи 3 жашка чейинки балдарга айына 400 сом, 3төн 7 жашка чейинки балдарга айына 500 сом, аз камсыз болгон жана беш баладан көп жашы жете элек балдары бар үй бүлөөлөр үчүн 50 пайыз жеңилдик деп бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |