Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын IV сессиясы
2021-жылдын 5-августу № 4/1
Кубанычбек уулу Эсентур атындагы парк уюштурууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Муз айылдык Кеңешинин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын маданият үйүнүн күн батыш тарабындагы Жениш паркынын түштүк тарабынан 500 чарчы метр жер аянты Кубанычбек уулу Эсентур атындагы парк уюштурууга бөлүнүп берилсин.
2. Кубанычбек уулу Эсентур атындагы паркка эстелик орнотуу менен уюштуруу иштерин алып баруу жагы демилгелүү топко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |