Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын IV сессиясы
2021-жылдын 5-августу № 4/2
Ак-Муз айылында уюшулган паркка ат берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын маданият үйүнүн күн батыш тарабындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине арналып, жеништин 70 жылдыгына карата уюштурулган паркка “Жениш паркы” деп ат берилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |