Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын IV сессиясы
2021-жылдын 5-августу № 4/3
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн акча каражатынан социалдык жактан жардамга муктаж, турмуш шарты начар айыл тургунуна акча каражат бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен социалдык тармакка бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын ичинен Ак-Муз айылынын жардамга муктаж көп балалуу жалгыз бой энелер Исабекова Замирага 20,0 (жыйырма миң) сом, Шамалова Бурулга 20,0 (жыйырма миң) сом, Асылбекова Аселге 5,0 (беш миң) сом, Абдырашитова Канымбүбүгө 5,0 (беш миң) сом, Токтогазиева Элнурага 5,0 (беш миң) сом жардам берилсин;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |