Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын IV сессиясы
2021-жылдын 5-августу № 4/5
Ак-Муз айыл аймагынын жалпы элдик чогулушундагы 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору боюнча коомдук угууда берилген сунуштарды бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т. Жумакадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жалпы элдик чогулушундагы 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору боюнча коомдук угууда берилген сунуштар бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |