Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын IV сессиясы
2021-жылдын 5-августу № 4/6
Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин директору Ыбырай уулу Кенжебектин кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин директору Ыбырай уулу Кенжебектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагынын “Боогачы” атындагы орто мектебинин от казанынын алынып салынган мурунку кууру (мору) айыл өкмөтүнүн балансындагы материалдык баалуулуктарды тактоо боюнча комиссиясынын чыгыштоо актысынын негизинде сатууга уруксаат берилип, сатуудан түшкөн акча каражатын мектептин муктаждыктарына жумшоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |