Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын III сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 3/1
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга долбоор сметасын бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга долбоор сметасын бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жумакадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин мыйзамдарына ылайык Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүңүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга карата долбоор сметасы болжолдуу төмөндөгүдөй бекитилсин:
-2022-жылга жергиликтүү киреше 4 945,9 (төрт миллион тогуз жүз кырк беш миң тогуз жүз) сом, теңдештирилген грант 10 073,4 (он миллион жетимиш үч миң төрт жүз) сом, баардыгы 15 019,3 (он беш миллион он тогуз миң үч жүз ) сомго.
-2023-жылга жергиликтүү киреше 5 100,7 (беш миллион бир жүз миң жети жүз) сом, теңдештирилген грант 10 307,8 (он миллион үч жүз жети миң сегиз жүз) сом, баардыгы 15 408,5 (он беш миллион төрт жүз сегиз миң беш жүз) сомго.
-2024-жылга жергиликтүү киреше 5 245,3 (беш миллион эки жүз кырк беш миң үч жүз) сом, теңдештирилген грант 10 459,7 (он миллион төрт жүз элүү тогуз миң жети жүз) сом, баардыгы 15 705 (он беш миллион жети жүз беш миң) сомго.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул болжолдуу бекитилген сметага ылайык КР “Бюджеттик кодекси” мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүң башчысы Т. Жумакадыровго тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |