Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын III сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 3/2
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга жалпы бюджети 447 782 сом деп өзгөртүлүп бекитилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-91 000 сом жайыттарды жакшыртууга;
-119 000 сом жайыт жер үчүн жер салыгы;
-72 000 сом төраганын айлык акысына;
-72 000 сом бухгалтердин айлык акысына;
-24 840 сом 17,25% соц.төлөмгө;
-52 742 сом ГСМге жана ар кандай чыгымдарга;
-5 000 сом концелярдык товарга;
-1 200 сом банктын төлөм акысына;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |