Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын III сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 3/3
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнүн ичиндеги айылдык Кеңештин депутаттарынын ордуна жаңы шайланган төмөндөгү депутаттар киргизилсин:
-Адистен уулу Казыбек;
-Болотова Баян;
-Дүйшеева Нестан;
-Жакыпакун уулу Келдибек;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |