Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын III сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 3/4
“Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын Хова техникасынын тарифин бекитүү жөнүндө
“Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын бухгалтери С. Жумамүдүновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасынын Хова техникасына 2021-жылга элге кызмат кылуу тарифи бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |