Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылыштын II сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 2
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын мыйзамда белгиленген көпчүлүк добушка ээ болгон Иса уулу Нурланбек Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына шайланганы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби” жөнүндө Жобого ылайык өттү деп табылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укукттук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбекке тапшырылсын.
Төрага | Адистен уулу К. |