Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXX сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 60/5
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин статьяларындагы акча каражатын башка статьяларга жылыштыруу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүң башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинин3112 статьясынын 3112 1290 элементиндеги конбайын алуу үчүн бөлүнгөн 4 947,4 (төрт миллион тогуз жүз кырк жети миң төрт жүз) сом акча каражатын 3111 статьясынын 3111 3390 элементине таза суунун башынын ремонттуна которулсун.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |