Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXXIII сессиясы
2021-жылдын 29-апрели № 63/1
Ак-Муз айылынын жалпы элдик чогулушунун токтомун бекитүү жөнүндө
Ак-Муз айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 14 беренесине ылайык 2021-жылдын 23-апрелиндеги Ак-Муз айылынын жалпы элдик чогулушунун токтому менен кабыл алынган ички тартип эрежелерин бекитүү максатында, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 14 беренесине ылайык Ак-Муз айылынынын төмөндөгүдөй ички тартип эрежелери кабыл алынсын:
- Ак-Муз айылындагы айыл чарба жерлерине кирген бодо малга 300 (үч жүз ) сомдон жана кой-эчкиге 10 (он ) сомдон штраф салынсын түшкөн акча каражаты Ак-Муз жаштар коомдук бирикмесинин эсебине которулуп, 25% корукчуларга эмгек акысына төлөнүп берилсин;
- Ак-Муз айылында ички тартип боюнча бада 1-майда чыгарылсын, өрөөндөргө көчүү 1-майдан 10-майга чейин , алыскы жайытка көчүү 15-июндан кечиктирилбестен көчүү, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрдан эрте эмес мөөнөткө белгиленсин;
-Бороонду сайдан шагыл алуу С. Мурзабаев көчөсүнүн ылдый жагынан ирээти менен муниципалдык ишкананын көзөмөлүү менен алынсын;
-Жазгы айдап себүү дың жер 1га жерге 1000 сом 30литр май, жумшак айдоо 1га жерге 800 сом 20литр май калган тарифтер мурунку бекилген бойдон калсын;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak- muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылат.
Төрага | У. Мокешов |