Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXXII сессиясы
2021-жылдын 22-апрели № 62/1
Ак-Муз айылындагы “Бороонду” участкасындагы № 413, № 405, № 903 контурлар жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 66-б буйругунун негизинде, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айылынын “Бороонду” участкасындагы № 413, № 405, № 903 контурларында жайгашкан 2,5 гектар жер аянтына таза суунун трассасын тартууга жана курулуш курууга макулдук берилсин.
2. Долбоорлук жана укук берүүчү документтери менен камсыз кылуу жагы райондук шааркуруу жана архитектура башкармалыгынан, Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы райондук филиалынан суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбек тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |