Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын XXXXXXI сессиясы
2021-жылдын 12-апрели № 61/2
Топурак алуучу карьер жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери Абдылдаев Болотбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Муз айыл аймагындагы мурдагы элдерге курулуш куруу үчүн топурак алынып жүргөн Ак-Секи конуштагы карьерден топурак алуу токтотулуп, Бороонду өрөөнүндөгү “Шамалдуу Коо” участкасынан топурак алууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz-aimak. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |